Жаңылыктар

«Керемет Банк» ААК бардык бөбөктөрдү Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктайт!

5 кулжа 2023

Аталган майрамдын алкалгында Банк Токмок шаарындагы Чүй мектеп-интернатта тарбияланып жатышкан балдарды бүгүнкү майрамы менен куттуктап, анын урматына «Город героев» жана «Путешествие к центру Земли 2» мультфильмдерин мобилдик кинотеатр аркылуу көрсөттү. Мындан сырткары, аталган мектеп-интернаттын 150 тарбиялануучусуна ар кандай таттуу азыктар таратылды. Муну менен биз аз да болсо бөбөктөрүбүздү кубандырып, майрамдык маанайларын көтөрө алдык деп ишенебиз.

Балдар – биздин бак-таалай жана жаркын келечегибиз.

«Керемет Банк» ААК ар бир бөбөккө бактылуу балалык, чың ден соолук, ал эми аларды тапкан ата-энелерине кажыбас кайрат каалоо менен бирге, чүрпөлөрүнүн келечеги кең, өз эли-жерин сүйгөн эр-азаматтардан болуп жетилишине тилектеш экендигибизди билдиребиз!


close