Жаңылыктар

Керемет Банк «Жашыл Альянс.KG» ЮЖБга бирикти

11 теке 2023

2023-ЖЫЛДЫН 11-ИЮЛУ «Жашыл Альянс» ЮЖБ – бул жашыл экономика принциптерин  жүзөгө ашыруу жана алдыга жылдыруу үчүн Кыргыз коомундагы прогрессивдүү күчтөрдү бириктирүү демилгеси болуп саналат жана ал өлкөбүздүн өзгөчө кооз жаратылыш байлыктарын сактоо максатын көздөйт. Бүгүнкү күнү Кыргызстандын «Жашыл Альянсы» Кыргызстандын экономикасынын ар кыл тармактарында эмгектенип келе жатышкан жарандар менен бирге 50дөн ашык уюм-мүчөлөрдү кучагына камтыйт. 

«Бүгүн Каржы дүйнөсү олуттуу өзгөрүүлөрдү баштан кечирүүдө. Инвесторлор жана инвестициялык процесстер кандайдыр бир чечим кабыл алууда күн өткөн сайын ишкерликке жоопкерчиликтүү мамиле кылуунун ESG-факторлорун эске алышууда. Кыргызстандын Жашыл Альянсына кошулуу биз үчүн жаңы жана жашыл финансылык өндүрүмдөрдү түзүүгө жана аларды банктын кардарларына жайылтууга жардам берет деп ишенебиз» - дейт «Керемет Банк» ААКда ESG/жашыл каржылоону жайылтуу маселелери боюнча жооптуу Амантур Толебеков.


close