Жаңылыктар

«Жеткиликтүү ипотека» программасы боюнча объекттин курулушу уланууда.

14 теке 2023

Урматтуу «Керемет Банк» ААК кардарлары биз сиздер менен борбор шаарыбыздын Анкара көчөсү, 44 дарегинде жүрүп жаткан 9 кабаттуу турак үйдүн курулуш иштери менен бөлүшмөкчүбүз.

Аталган объект КР Министрлер кабинетинин «Менин үйүм 2021-2026» турак жай программасынын «Жеткиликтүү ипотека» багыты боюнча  «ГИК» ААК пилоттук долбоорунун алкагында  курулууда. Аталган долбоор 2023-жылдын февраль айында жүзөгө ашырыла баштаган жана 2023-жылдын аягында курулуп бүтөөрү пландалууда.

Бүгүнкү күнү:

  • терезелери орнотулууда
  • пол төшөө иштери жүргүзүлүүдө
  • сантехникалык жана электр монтаждоо иштеринин 1-этабы ийгиликтүү жүрүүдө
  • 2023-жылдын август айынын аягына чейин лифттер монтаждалып, үйдүн чатыры жабылмакчы.

Курулуш иштеринин тездик менен аяктап, турак жай ээлеринин көчүп кирүүсүн  чыдамсыздык менен күтүүдөбүз!

«Керемет Банк» ААК – Ийигликке сапарлаш!

 


close