Жаңылыктар

«Керемет Банк» ААК «Кыргыз бренди - 2023» сыйлыгыгына татыктуу болду

25 баш оона 2023

 «Керемет Банк» ААК «Кыргыз бренди - 2023» сыйлыгыгына татыктуу болду. Белгилей кетчү нерсе, аталган сыйлык «Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезити тарабынан ата мекендик өндүрүштү, кызмат көрсөтүүлөрдү, ошондой эле медицина, билим берүү жана башка тармактарды стимулдаштыруу жана аларга дем берүү максатында уюштурулган. Бул сыйлыкты  тапшыруу аземи Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата 2023-жылдын 25-августунда болуп өттү.

 Сыйлыкты тапшыруу аземине Министрлер кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов катышты жана бардык лауреаттарды аталган сыйлыкка ээ болушу менен куттуктап, өлкөнүн экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнө кошуп жаткан өзгөчө салымдары тууралуу учкай айтып өттү.

 «Эркин-Тоо» гезитинин башкы редактору Наралы Асанбаев лауреаттарды аталган сыйлыктары менен куттуктап, мындан аркы иштерине ийгилик каалады.

 «Керемет Банктын» атынан сыйлыктын статуэткасын жана дипломун башкармалыктын төрагасы Тимур Бербаев кабыл алды.


close