Жаңылыктар

Бишкекте «Керемет Банк» ААКнын келишимдерди банктык коштоо өндүрүмү алдында тартылган «Жалбыз - 2» сериалынын бет ачаары болуп өттү.

7 аяк оона 2023

2023-жылдын 5-сентябрында «Жалбыз - 2»  көркөм тасмасы боюнча тартылган сериалдын бет ачаары болуп өттү. Бул биринчи сезондо берилген Жалбыз аттуу кыз тууралуу баяндын уландысы болуп саналат. Аталган сериал «Кыргызсериал» мамлекеттик мекемесинин тапшырыгы боюнча «Tribe 9 production» студиясы тарабынан тартылган жана  бул багытта  аталган мамлекеттик мекеме менен жеке компания ортосундагы келишимдер «Керемет Банк» ААК  тарабынан жүзөгө ашырылган. 

Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын «Мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы келишимдерди банктык коштоону жүзөгө ашыруу жөнүндө» Токтомуна жана Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» 49-статъясына ылайык Кыргызстанда мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы келишимдер банктык коштоого алынууда.

Аталган Токтомго ылайык  «Керемет Банк» КБКны жүзөгө ашыруу ыйгарымына ээ болгон.

Иш-чарага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, ошондой эле «Аялдарга жардам борбору»  КБ президенти Роза Айтматова, КР Эмгек сиңирген артисти Мурат Мамбетов, Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык театрынын директору Асылбек Өзүбеков, Маданият министрлигиге караштуу Кинематография департаментинин директору Акжолтой Бекболотовдор катышты. ⠀

Женишгүл Өзбекова,  «Кыргызсериал» КЧБ мекемесинин директору:

– «Кыргызсериал» Көркөм-чыгармачылык бирикмеси»» мамлекеттик мекемеси КР Президенти Садык Нургожоевич Жапаровдун 2022-жылдын 20-майындагы Жарлыгы менен түзүлгөн. Биз мамлекеттик  ишкана болгондуктан сөзсүз түрдө мамлекеттик банкттар менен иштөөгө милдеттүүбүз. «Керемет Банкка» чоң рахмат! Мен бул каржы институтунун жетекчилиги менен тааныштым жана Банктын жардамы менен Келишимдерди банктык коштоо өндүрүмүн пайдалануу тажрыйбасына ээ болуп, өзүбүз үчүн айрым бир маселелерди чечип ала алган жетиштик. Менимче, мындай механизм эсептерди жүргүзүүгө жардам берет жана финансылык процесстердин тазалыгын камсыздайт.

Азиз Гүлжабаев, «Tribe 9 production» студиясынын негиздөөчүсү жана генералдык директору, сериалдын продюссери:

– «Керемет Банк» менен иштөө тажрыйбасы биз үчүн жагымдуу маанай тартуулады. Атап айтканда, биз «Кыргызсериал» мамлекеттик мекемесинен тапшырык алганбыз жана аны «Керемет Банктын» жардамы менен жүзөгө ашырдык. Тактап айтканда, бул каржы уюму долбоорубуздун каржылык жана экономикалык бөлүгү боюнча бизге абдан чоң жардам көрсөттү.

Келишимдерди бантык коштоо – бул мамлекеттик каржылоо менен байланышкан бардык долбоорлор үчүн зарыл механизм болуп саналат жана ал бюджеттик каражаттардын максаттуу пайдаланылышына шарт түзөт. Пилоттук иш жылы үчүн Келишимдерди банктык коштоо биздин индустриябыз үчүн – кино, мультфильм, сериалдарды тартууда өтө ээфективдүү система экендигин айгинеледи. Белгилей кетчү нерсе, Келишимдерди банктык коштоо  кайсы бир компаниялар тарабынан максатсыз колдонулган чыгымдарды аныктоого, өндүрүштүк сметаты түзүүгө, экономикадагы көмүскө каражаттарды ачыктоого шарт түзөт. Мына ушундан улам мен КБК кино өндүрүшү үчүн өтө керек система деген бүтүмгө келдим».

Келишимдерди банктык коштоодо банк жабдуучу же подрядчынын, аткаруучу менен бирге бардык подрядчиктердин жана аткаруучулардын ортосундагы эсептерге контролдук кылат, жыйынтыгын заказчыга маалымдайт. Ошол эле учурда жабдуучунун жана подрядчынын каражаттары менен байланышкан бардык операциялар келишимдерди коштоого алган банктын өзгөчөлөнгөн эсебинде чагылдырылат.

Келишимдерди мындай коштоонун негизги милдети – бул контрактарды аткаруунун ачык-айкындуулугу, ар бир жүргүзүлгөн төлөмдүн негизинде аткарылган иштердин наркы тууралуу так маалымат алуу. Каражаттарды көмүскө экономика аркылуу чыгаруу, максатсыз пайдаланылган чыгымдар жана товарларга же көрсөтүлгөн кызматтардын наркын көтөрүп жиберүү өңдүү эреже бузуулар аткарыла турган иштин бир нече эсе кымбатташына жана созулушуна алып келет.

Белгилей кетчү нерсе, аталган сериал 11-сентябрдан тартып Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын эфири аркылуу көрсөтүлүп баштайт. Төмөнкү шилтеме боюнча сериалдын трейлери менен таанышууга болот: https://www.youtube.com/watch?v=30A2fsAwyEg

close