Жаңылыктар

«Керемет Банка» кызматкери Ш. Сартбаев мамлекеттик сыйлыкка ээ болду

12 аяк оона 2023

«Керемет Банк» ААК кызматкери, Ишкерликти колдоо башкармалыгынын техникалык көзөмөл адиси Сартбаев Шайманбек Жалиевич «Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген куруучусу» деген ардактуу наамга ээ болду. Сыйлык тапшыруу аземи 2023-жылдын 12-сентябрында  «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында болуп өтүп ага КР Президенти Садыр Жапаров катышты.

Мамлекет башчы кыргыз элинин алдында сиңирген эмгеги үчүн мамлекеттик сыйлыкка ээ болушкан адамдардын алдында сүйлөп жатып: «Ар бир мезгилдин өзүнө тиешелүү каармандары болгондой эле Кыргызстандын жаңы тарыхында дагы тек гана өзүнүн эмес, бүтүндөй  мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн эмгектенишкен каармандары бар экендиги кубандыра тургандыгын, ал эми андай замандаштардын өмүрү  өсүп келе жаткан жаш муун үчүн өрнөк болуп, жаркын келечекти  көздөй умтулуусуна өбөлгө болорун» баса белгиледи.

Белгилей кетчү нерсе, Шайманбек Сартбаев буга чейин Кыргыз Республикасынын жана КР Жогорку Кеңешинин Ардак грамоталары менен сыйланган.

«Керемет Банк» ААК  жалпы жамааты Шайманбек Жалиевичти бул жогорку даражадагы сыйлыгы менен чын жүрөктөн куттуктайт жана мындан ары дагы албан-албан ийгиликтерди жарата беришине тилектеш экендигин билдирет!


close