Жаңылыктар

«Керемет Банк» Москвада өткөн мелдешке катышкан кыргызстандык альпинисттерге демөөрчүлүк көрсөттү

15 аяк оона 2023

«Керемет Банк» жаш муундарга материалдык жардам көрсөтүү менен ата мекендик спорттун өсүп-өнүгүүсүнө өз салымын кошуп келет. Спорттун кайсы түрү болбосун жаш муундардын өсүп-өнүгүүсү, ден соолуктарынын чың болуусу үчүн жагымдуу шарт түзөт жана эл аралык аренада, ошондой эле эл аралык мамилелерде өлкөнүн аброй күтүүсүнө өбөлгө болот.

Жакында эле Альпинизм жана аскага чыгуу федерациясына демөөрчүлүк жардам көрсөтүү менен «Керемет Банк» ата мекендик спортчуларга үзгүлтүксүз жардам көрсөтүп келе жаткандыгын дагы бир жолу айгинеледи. Каржы уюму тарабынан көрсөтүлгөн каражаттардын негизинде өлкөбүздүн жаштар командасы (алты спортчу) үстүбүздөгү жылдын 7-сентябрынан тартып 10-сентябрына чейин Москва шаарында болуп өткөн  14-19-жаштагы спортчулар арасындагы  альпинисттик мелдештерге катышып келди.

Орусиянын биринчилигине жана аскага чапчаңдык менен чыгуу боюнча Бүткүл россиялык мелдешке Беларусь, Иран, Кыргызстан, Монголия, Тажикстан, Өзбекстан жана Эквадор өлкөлөрүнөн болжол менен 50гө жакын спортчу катышкан. Катышуучулар үч категорияда – 14-15, 16-17, 18-19 жаштагы спортчулар арасында медалдар үчүн ат салышты.

Чапчаңдык менен аскага чыгуу – бул олимпиялык оюндарга тиешелүү тартип. Мелдеш белгилүү бир убакыт ичинде кайсы бир аралыкты басып өтүүдөн турат. Жарыш стандарттуу трассаларда өткөрүлөт - бул 15 метр бийиктиктеги стандартташтырылган эл аралык маршруттар.

Двоеборье – бул олимпиялык дисциплина болуп саналат жана ал эки түргө бөлүнөт: «катаалдыкты көздөй» - мында спортчу 6 мүнөт ичинде бийиктиги 15 метр трасса багындырууга тийиш; «боулдеринг» – аскадан ылдый секирип-секирип түшүү боюнча кыска аралыкты багындыруу.

Ошентип, кыргызстандык спортчулардын ичинен аскага чыгуу боюнча мелдеште төмөнкүлөр айырмаланды: Илья Мысаков финалга чыгып 8-орунга, Илья Жидков – 22-орунга, Алина Тян – 24 орунга татыктуу болушкан. Эң башкысы – биздин жаш спортчуларыбыз өз күчтөрүн сынап көрүп, чет элдик спортчулардын мүмкүнчүлүктөрүнө баа беришти, тажрыйба топтошту жана келечектеги мелдештерге жакшы мотивация алышты.

close