Жаңылыктар

Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнү «Керемет Банк» ААК Аламүдүн суусу аккан өстөндү таштандыдан арылтты

18 аяк оона 2023

«Керемет Банк» ААК социалдык жана экологиялык жоопкерчиликтүү компания катары  ESG принциптерин (экологиялык, социалдык жана корпоративдик башкаруу) колдонуп келе жаткандыктан  ар дайым калктуу пункттарды жашылдандыруу, тазалоо боюнча өткөрүлүп жаткан акцияларга катышып, курчап турган айлана чөйрөнүн тазалыгы үчүн камкордук көрүп келет. Ошентип, өткөн ишембиликте дагы Банк кызматкерлери муниципалдык бийликтин чакыруусун дароо кабыл алуу менен 2023 жылдын 16-сентябрында өткөн жалпы шаардык ишембиликке чыгышты.

Финансы уюмунун кызматкерлери  Төрөкул Айтматов атыдагы көчөнү бойлой аккан  Аламүдүн суусу аккан өстөн ичин жана жээктерин Чүй проспектисинен тартып Лев Толстой көчөсүнө чейин тазалап, жалпы 130 кап таштанды чогултушту. Буга чейинки мындай массалык акцияда, тагыраак айтканда 2023-жылдын 29-апрелинде Банк кызматкерлери Бишкек шаарынын Биринчи май районунун мамлекеттик администрациясы менен биргеликте А. Боталиев атындагы сейил бакты таштандыдан тазалап чыгышкан.  

Ошентип, «Керемет Банк» Кыргыз Республикасынын  Президенти Садыр Жапаровдун 2022-жылдын 6-сентябрындагы ПЖ №305 «Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө» Жарлыгын аткарды; ошондой эле «Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнү» глобалдык экологиялык демилгени колдоду.

Эң негизгиси – бул «Керемет Банктын» мындай акцияларга үзбөй катышуусу, табияттын тазалыгын сактоого, өлкөбүздө жашап жаткан адамдардын социалдык жашоосун жакшыртууга далалат кылуусу.

Эске сала кетсек, «Керемет Банк» ААК «Жашыл Кыргызстан» ЮЖБ мүчөсү болуп саналат; ошондой эле WasteNet.kg. сайты тарабынан «Калдыктарды башкаруунун мыкты практикасы» сертификаты менен белгиленген.

close