Жаңылыктар

«Керемет Банктын» кызматкерлери жөө күлүктөрдүн жарышы BMW Snow Leopard Run 2023 жарым марафонго катышышты

19 аяк оона 2023

«Керемет Банктын» кызматкерлери 2023-жылдын 17-сентябрында Бишкек шаарында өткөн жөө күлүктөрдүн жарышына катышып, 5, 14, жана 21,1 километр аралыкты багындырышты.

Snow Leopard Run — бул кайрымдуулук мүнөзүндөгү эл аралык жарым марафон болуп саналат. Анын максаты – жүргүзүп жаткан ишмердүүлүктөрү ак илбирсти сактоого багытталган уюмдарга жардам берүү болуп саналат. Белгилей кетчү нерсе,  жыйналган каражаттардын бир бөлүгү кайрымдуулук максаттарга багытталат. Ошондой эле ушул жылкы каражаттар дагы Э. Гареев атындагы Ботаникалык бакча үчүн атайын техникаларды сатып алууга багытталмакчы.

«Керемет Банк» ААК ар дайым спортко жана сергек жашоо образына басым жасап келет. Финансы уюмунун кызматкерлери ар дайым физикалык активдүүлүк көрсөтүү менен ар кандай спорттук иш-чараларга катышышат. Буга чейин, тагыраак айтканда 2014-жана 2016-жылдары мекеме I жана II Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын колдоого алып, 2016-жылкы Олимпиадалык оюндардын, Стол үстүндөгү теннис боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын оюнун, гиря көтөрүү, мотокросс жана сноукросс боюнча жарыштардын кыргыз телевидениеси аркылуу көрсөтүлүшүнө көмөк көрсөткөн. Жакынкы мезгилдерде эле Банк жаштар командасынын Москвада өтүүчү мелдешке баруусун уюштуруу үчүн  КРнын Альпинизм жана аскага чыгуу федерациясына көмөк көрсөткөн.

close