Жаңылыктар

«Керемет Банк» Башкармалыгынын мүчөсү Г. Токтогожоева – «Кыргызстан банктар союзунун отличниги»!

4 тогуздун айы 2023

Банк башкармалыгынын мүчөсү, «Керемет Банк» ААК башкы бухгалтери Гүлмира Токтогожоева «Кыргызстан банктар союзунун отличниги» төш белгиси менен сыйланды. Сыйлык тапшыруу 2023-жылдын 4-октябрында болуп өтүп, «Кыргызстан банктар союзу» ЮЖК Президенти Анвар Абдиев, Банк башкармалыгынын төрагасы Т.О. Бербаев жана банк башкармалыктарынын начальниктери катышты.  

КБС башчысы өз сөзүндө аталган сыйлык Г. Токтогожоеванын “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине оңдоолорду киргизүү боюнча ведомство аралык жумушчу топто” жүргөн учурунда банк секторун өнүктүрүүгө кошкон салымын эске алуу менен ыйгарылып жаткандыгын айтып келип: - Биз тапшырып жаткан бүгүнкү сыйлык – бул Г. Токтогожоеванын бүтүндөй банк секторуна кошкон салымынын башкы белгиси болуп саналат” – деп баса белгиледи.

«Керемет банк» ААК Башкармалыгынын төрагасы Т.О. Бербаев финансы мекемесинин кызматкерлеринин эмгегинин жогорку баага татып жаткандыгы үчүн КБС президентине жана КБС Байкоочу кеңешине ыраазычылык билдирди.

Эске сала кетсек, бир ай мурда жогоруда аты аталган сыйлыкка Адам ресурстары башкармалыгынын начальниги – Анара Шаршенкулова татыктуу болуп, банктын бир катар кызматкерлери «Кыргызстан банктар союзунун»  Ардак грамоталары жана ыраазычылык каттары менен сыйланышкан.

- Жетекчи катары мен үчүн биздин команданын мүчөсүнүн сыйлыкка ээ болуп жатышы сыймыктуу иш. Гүлмира Анарбековнаны иштин көзүн билген кесипкөйлүгү, жеке адамдык сапаттары үчүн биз дагы жогору сыйлайбыз! – деп бүтүрдү өз сөзүн Башкармалыктын төрагасы Т.О. Бербаев.

Чыгып сөз сүйлөгөндөрдүн бары бир ооздон Г. Токтогожоева бир гана «Керемет Банкка» эмес, бүтүндөй банк секторуна пайда алып келип жаткандыгын белгилешип, банк тармагында эмгектенип жаткандарга консультацияларды өткөрүп, окутуп, жумушчу топторго кирээрин белгилеп өтүштү.

Өз учурунда Г.Токтогожоева КБС менен Анвар Абдраевге ыраазычылык билдирип, жумушчу топтун ишин канааттануу менен белгилеп өттү.

«КБС отличниги» төш белгиси банктын, ошондой эле экономиканын микрофинансы секторунун экономикалык потенциалын чыңдоого талыкпай салым кошуп, кеминде 15 жыл үзүрлүү эмгектенип келе жатышкан кызматкерлерге  ыйгарылат жана КБСнын жогорку даражадагы сыйлыгы болуп саналат.

«Керемет Банк» ААК жамааты Гүлмира Анарбековнаны жогорку даражадагы сыйлыгы менен куттуктайт жана чың ден соолук, иштеги ийгиликтерди каалайт!

close