Жаңылыктар

«Керемет Банк» директорат өткөрдү

12 тогуздун айы 2023

«Керемет Банк» ААК 2023-жылдын 6-октябрында Директорлор Кеңешинин, Башкармалыктын мүчөлөрүнүн, ошондой эле Банктын филиалдарынын жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн катышуусу менен кеңейтилген түрдөгү көчмө директорат өткөрдү.

Директораттын максаты – банктык сектордо туруктуу позицияны чыңдоо жана 2024-2026-жылдарга карата артыкчылыктуу маселелерди аныктоо.  

Өз сөзүндө «Керемет Банк» ААК Башкармалыгынын төрагасы Тимур Бербаев алдыга коюлган, мисалы: кардарды базаны кеңейтүү, кирешелерди көбөйтүү, банктын рентабелдүү иш алып баруусун камсыз кылуу жана активдердин сапатын жакшыртуу өңдүү маселелердин өзгөчө маанилүү экендигин белгиледи. 

Белгилей кетчү нерсе банктын 2024-2026-жылдарга карата стратегиясы иштелип жатат жана анда алдыга коюлган максаттардын өзгөчөлүгү, амбициялуулугу эске алынып, алдыңкы стандарттарга жооп берүүчү жаңы технологияларды, инновациялык өндүрүмдөрү менен кызматтарды иштеп чыгып, жайылтууга багытталган иш-чаралардын комплекси караштырылууда.

Ошондой эле бардык бизнес-процесстердин инновациялуулугун жогорулатуу жана филиалдык инфраструктураны мындан ары оптималдаштыруу жана жакшыртуу пландалууда.

Иш-чарада Директорлор кеңешинин мүчөлөрү жана Банк башкармалыгынын  төрагасы филиалдарда эмгектенип жатышкан эң мыкты кызматкерлердин иштеги жетишип жатышкан ийгиликтери тууралуу дагы сөз кылышып, жогорку салымы жана кесипкөйлүгү үчүн ар бир кызматкерге ыраазычылык билдиришти.

Директорат учурдагы кырдаалга анализ өткөрүп, келечектеги бизнести-процесстерди пландап гана тим болбостон, командага кубаттуу дем берүүгө мүмкүнчүлүк түздү. «Керемет Банк» ААК адамдар – бул банктын эң маанилүү активи, ал эми ынтымактуу команда – башкы байлыгы экендигин жакшы түшүнүү менен ар дайым кызматкерлерге мотивация тартуулоого аракет кылат.

Директорлор кеңешинин мүчөлөрү жана Банк башкармалыгынын  төрагасы ишке чыныгы кесипкөйлүк мамиле жасап келе жаткан ар бир кызматкерге ыраазычылык билдирүү менен алардан кардарлардын жана коомчулуктун пайдасы үчүн жаңы жана кызыктуу долбоорлорду күтөт.

   

close