Жаңылыктар

“Керемет Банк” ААК Бүткүл дүйнөлүк аманат күнүн белгилөөдө

24 тогуздун айы 2023

Жыл сайын 31-октябрда дүйнө жүзү боюнча Бүткүл дүйнөлүк аманат күнү белгиленет   (World savings day).  Кыргызстанда ал 2015-жылдан тартып белгилене баштаган.

 

 

Аталган майрамдын тарыхы 1924-жылга барып такалат. Башкача айтканда дал ушул жылы Сактык банктарынын Италиянын Милан шаарында өтүп жаткан биринчи эл аралык конгрессинде  (Сактык банктарынын дүйнөлүк коомчулугу) профессор Филиппо Равизза 31-октябрды “Эл аралык аманаттар же үнөмдөө күнү” деп жарыялаган.

            Майрамды түзүүчүлөрдүн айтымында ар бир адам бир гана акчага эмес, ошону менен бирге эле убакытка, күч-кубатка, буюм-тайымдарга ж.б. нерселердин бардыгына сарамжалдуу мамиле жасоосу абзел. 1989-жылы Эл аралык үнөмдөө жылы БУУнун директивасы тарабынан бекитилген жана аны бүгүн дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө белгилешет.

            Кыргызстанда Бүткүл дүйнөлүк аманаттар күнү 2015-жылдан тартып “Кыялдар канат байлаганда” деген слоган алдында өткөрүлүп келе жатат. 31-октябрда жана анын алдында бул майрамга арналган: каржы мекемелерине экскурсия, ачык эшиктер күнү, каржылык сабаттуулук боюнча сабактар жана лекциялар, интерактивдүү оюндар, конкурстар, каржы жарманкеси өңдүү ар кыл иш-чаралар өткөрүлөт. Жыл сайын мындай кампанияларга Эл аралык кызматташтык боюнча Германия сактык кассалар фондунун (Sparkassenstiftung), республикабыздын каржы институттарынын, КРда Депозиттерди коргоо агенттигинин ж.б. катышуучулардын көмөгү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы координатордук кылат.

            Ар жылкы бул өңдүү чоң майрам өткөрүүнүн негизги максаты – каржылык чечимдерди кабыл алуу, келечекти пландоо жана үй-бүлөлүк бюджетти ыксыз сарптоолордон коргоо үчүн калктын каржылык сабаттуулугун жогорулатуу жана аманат топтоо маданиятын калыптандыруу болуп саналат.

            Кыргызстандагы Бүткүл дүйнөлүк аманаттар күнүнүн символу болуп боз үй саналат. Кампаниянын катышуучулары маалымат материалдарын #каражаттоптоо” деген кыяздагы хэштег менен жарыялашат.

            “Керемет Банк” ААК Бүткүл дүйнөлүк аманаттар күнүн майрамдоого такай катышат. Мисалы, өткөн жылдары ыр жазуу боюнча Instаgram-конкурс, TikTok сервисине “Кыялдан жана топто” аталышындагы видеоконкурс,  “Акчаны эмне үчүн үнөмдөө керек?” деген аталышта Facebook-конкурс, М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин жана Кыргыз-казак университетинин  студенттери үчүн “Сенти” каржы компаниясы менен биргеликте “Акча, аманат жана банктар жөнүндө” аттуу онлайн-викторина, ошондой эле Токмоктогу Борбордук Азия Эл аралык университетинин  окуучулары үчүн банкка экскурсия өткөрүлгөн.

            Үстүбүздөгү жылы “Керемет Банк” өз кардарлары жана бардык окурмандар үчүн агартуучулук-билим берүүчүлүк мүнөздөгү басылмаларды даярдаган. Биздин оюбузча, алар ар бириңиздер үчүн пайдалуу болот жана каржылык абалыңыз боюнча туура чечим кабыл алууңузга жардам берет. Биздин сайтка жана социалдык тармактардагы баракчаларыбызга көз салып туруңуз!

 

#каражаттоптоо2023

#worldsavingsday2023

close