Каржы пирамидаларын кантип айырмалоого болот?
Бишкекте өткөн пресс-конференциянын жүрүшүндө КР Президентинин Администрациясынын Санарипти өнүктүрүү боюнча бөлүм башчысы Азамат Буржуевдин айтуусуна караганда учурда Кылмыштардын бирдиктүү реестринде уурдоо, талап-тоноо, зордук-зомбулуктарга караганда каржылык алдамчылык менен байланышкан кылмыштар көбүрөөк кездешет.
Ошол себептүү биз кардарларыбыз, сайтыбыздын окурмандары үчүн камкордук көрүү менен каржылык алдамчылыктын дагы бир түрү – каржылык пирамидалар тууралуу айтып берүүнү чечтик.
Каржылык (же инвестициялык) пирамида — каржы каражаттарын такай тартуулардын эсебинен структуранын катышуучуларынын киреше камсыздоо ыкмасы.
Мындай схеманы өздөрүн абройлуу бизнес-структурасы катары көрсөтүшкөн кайсы бир адамдардын тобу пайдаланат. Башкача айтканда, мындай топ ар кыл жарнамалардын негизинде кардарларды топтоп, чоң-чоң кирешелерди убадалоо менен өз каражаттарын уюмга салууга макул кылышат. Бул үчүн салым кошкон адамдардын алдына бир гана милдет коюлат, ал – башка катышуучуларды тартып келүү.
Каржы пирамидасынын бизнес-долбоордон айырмасы – бул кирешелерди төлөп берүү булагы болуп саналат. Бизнес-долбоордо бул өндүрүш жана товарлар менен кызмат көрсөтүүлөрдү сатуу болсо, каржы пирамидасында ал – болгону катышуучулардын взностору. Жамааттын алгачкы мүчөлөрүнүн кирешелери кийинки инвесторлордун салган акчасынын эсебинен төлөнөт. Албетте, мындай шартта уюмдун банкрот болуусу мыйзам ченемдүү көрүнүш.
Акыркы убактарда пирамидалык схемалар онлайн-аймакка дагы жайылып кетти. Алардын өзгөчөлүгү болуп – мындай долбоорлордун уюштуруучулары ири киреше табуунун кандайдыр бир виртуалдуу мүмкүнчүлүгүн сатып алууну сунушташат.
Ошентип, каржылык пирамиданын мүнөздү белгилери болуп саналат (сөзсүз эле бары болуусу керек эмес):
- катышуучуларга сатуу көлөмүнө эч кандай байланышы жок эле жүргүзүлгөн төлөмдөр;
- уюштуруучулар карыз алуу рыногундагы орточо көрсөткүчтөн алда канча жогорку кирешени убадалашат жана ар дайым тобокелдиктердин жок экендигин айтышат;
- агрессивдүү PR: компаниянын пафостук аталышы, сатуучулардын сабаттуулугу, чоң-чоң презентациялар, жаркыраган сайттар, жарнамалык шилтемелер – мунун бардыгы алардын кандай ийгиликтүү экендигин айтып турган менен аларда конкреттүү каржы маалыматтар жок; ошол эле учурда инвестиялык компания же фонд төмөнкүлөрдү ачык көрсөтүүгө милдеттүү: жылдык баланстар, каржылык отчёттор, келишимдер тууралуу отчёттор ж.б.
- калкка түшүнүксүз спецификалык терминдердин пайдаланылышы;
- салынган аманаттардын көптөгөн өлкөлөргө таралышы;
- уюштуруучулардын жана координаторлордун анонимдүүлүгү;
- катышуу үчүн олуттуу төлөм, бирок ошол эле учурда адамдардын кеңири катмары үчүн алгылыктуу (арзан эмес, бирок өтө дагы кымбат эмес);
- расмий каттоого турбагандыгы, өздүк уставынын, ошондой эле өлкө аймагында ишмердүүлүк жүргүзүүгө уруксат берүүчү уруксат кагаздарынын жоктугу;
- фонддун келишимдеринин башка өлкөдө камсыздандырылышы;
- киреше алуу үчүн шарт катары жаңы аманатчыларды тартуу;
- долбоор «ноу-хау» катары көрсөтүлөт. Анда өтө көп стандартка ылайык келбеген иш схемалары кездешет;
- уюмдун кеңсесинин чыныгы дареги жашырылат же эптеп эле бир имаратты убактылуу ижарага алышат, бирок кире бериши инвесторлор үчүн болушунча жасалгаланат (сиз анын чыныгы ээси ким экендигин билүүгө аракет кылып көрсөңүз болот).
Эгерде сиз каржы пирамидасына кабылып калсаңыз кийин уюштуруучулардан өз каражаттарыңызды кайтарып ала аласызбы же жокпу жакшылап ойлонуп көрүңүз. Укук коргоо органдарына кайрылуу үчүн акча бергендигиңизди тастыктай турчу далилдер жетиштүүбү? Далилдер жок болсо, алдамчылыкка кабылган башка адамдар менен биргеликте жардам сурап милицияга чогуу кайрылыңыз.
#каражаттоптоо2023
#worldsavingsday2023