Жаңылыктар

Акчаны кантип топтоо керек?

26 тогуздун айы 2023

Дарылануу, ата-энеге жардам берүү, өтө зарыл бир нерсе сатып алуу, ноутбукту, сантехниканы, машинаны ж.б. оңдотуу үчүн акча керек болуп жатканда акча таба албай калган учурлар болот. Кээде иштен эмгек акысы сакталбаган өргүүгө жөнөтүп же иштен бошотуп салгандыгына байланыштуу жумуш издеп жүргөн учурларда каржылык коопсуздук жаздыкчасынын болуусу зарыл. Мындай шартта кыйналып калбоо үчүн алдын ала акча топтой жүрүү абзел. Кирешелер аз болгондо, кантип акча сактоо керек?

 


Биз сиздер үчүн бир нече сунуш камдап койдук жана жардамы тиет деп ойлойбуз.

Эң биринчиден, акча каражаттарына болгон өз мамилеңизди жакшылап талдап көрүңүз

Иштеп тапкан акчаңыз кийинки айлыкка чейин жетип жатабы? Ойдо жок нерселерди сатып алып жаткан жоксузбу, кайсы дүкөндө товарлар арзан экенин билесизби? Карыздап оокат кылып жатпай элесизби? Балким зарылчылыгы жок, өзүңүз колдонбогон эле нерселерди сатып алып жаткандырсыз?

Өздүк бюджетиңизди жүргүзүңүз

Ар бир сатып алган нерсеңизди дептерге жазып туруңуз. Ал тургай чектерди сактап койсоңуз болот. Бул акча каражаттарын кайда жана кантип коротуп жаткандыгыңызды түшүнүүгө жардам берет.

Чыгымдарды жана кирешелерди анализдеп чыгыңыз

Каржылык кирешени билбей туруп, аны кантип туура сарптоо керектигин билүүгө мүмкүн эмес.  Өтө зарыл нерселер: дарылануу, коммуналдык кызматтар үчүн төлөмдөр, квартиранын ижарасына төлөнүүчү акы, тамак-ашка сарпталуучу чыгымдар боюнча тизмени алдын ала түзүп алыңыз. Бул сизге ар нерселерди сатып ала бербей, сөзсүз зарыл деген нерселерди сатып алганга, акчаны ыксыз эле сарптай бербөөгө үйрөтөт.

Конверттерди пайдаланыңыз

Каржыңызды башкаруунун жакшы жолу - бул "Төрт конверт".  Ал бир айга эсептелген сумманы төрткө бөлүү дегенди билдирет. Бир жуманын ичинде сиз бир гана конверттин ичиндеги акчаны сарптайсыз. Конвертте калып калган акчаны кийинки конвертке салыңыз же аманатыңызга кошуңуз. Конверттерди бөлүштүрүү боюнча дагы башка ыкманы колдонууга болот: аларды сарптай турган максатка ылайык жайгаштырасыз: коммуналдык чыгымдар үчүн; азык-түлүк жана дары-дармек үчүн; кир жуучу каражаттар үчүн; зарыл болгон башка сатып алуулар жана чач тарач кызматы; кайрымдуулук кылуу жана жакын адамдарга жардам берүү, эс алуу үчүн ж.б.

Азык-түлүккө деген чыгымдарыңызды пландап алыңыз

Биринчи кезекте тизмеге жебей коюуга мүмкүн болбогон азыктарды киргизиңиз, бирок азык-түлүктүн сапаты жакшы болгудай болсун. Тамак-аштан үнөмдөө деген ачка отур дегенди билдирбейт, тек гана өтө кымбат азыктардан, тез татымдардан, газдалган суусундуктардан, энергетиктерден жана таттуу азыктардан баш тартуу дегенди билдирет. Мисалы, карамел момпосуйларын жана консерваланган ширелерди жаңы үзүлгөн мөмө-чөмөлөргө, чипсыларды – жаңгакка, пирожныйларды – бал кошулган табигый йогуртка алмаштырып көрүңүз. Дүңүнөн алуу алда канча арзан көрүнгөнү менен жарактуу мөөнөтү сиз жеп үлгүргүчө өтүп кете турчу азыктардын бар экендигин эсиңизден чыгарбаңыз.

Чыгымдарды оптималдаштырыңыз

Эмненин эсебинен үнөмдөп алууга боло тургандыгын ойлонуңуз? Мисалы, модадан кубалап кийим кийбөө, саркеч, бренди бар буюмдарды сатып албоо. Досторду кафеге эмес, үйгө коноктоо. Бааларды салыштырып көрүп, товарларды арзан баада алууга мүмкүн болгон дүкөндү тандаңыз. Балким секонд-хендден арзан пальто же сумка таап аларсыз? Эсептегич боюнча төлөп келе жаткан болсоңуз электр энергиясын, сууну үнөмдүү колдонуңуз. Уюлдук байланыш жана интернет боюнча түзүлгөн келишимдерди текшерип, кереги жок кызматтарды өчүрүңүз жана алда канча пайдалуу тарифтерге өтүңүз.

Ойго келбеген сатып алууларга жол бербеңиз

Интернет-дүкөндөрдөгү аккаунттардан чыгып, эки күндүн биринде соода борборлоруна барууну токтотуу, башкача айтканда соода борборлорундагы арзандатууларга азгырылбоо. Эгерде кымбат, бирок зарыл нерсе сатып алгыңыз келсе анда аны сатып алуу тууралуу 30 күн бою шашпай ойлонууну адат кылыңыз.

Карызга албаңыз

Дароо төлөп эмес, айлык акынын эсебинен алуулар дагы адамды дайыны жок чыгымдарга кириптер кылат. Мындай шартта, бекер алып жаткандай болгонуңуз менен жыйынтыгында алган айлыгыңызды карыздарга эле таратып берип, отуруп калууңуз ыктымал.

Муктаждык болбосо карызга акча албаңыз

Себеби, карызга алынган акча каражаттары бир учурда оңой-олтоң эле табылган кирешедей көрүнгөнү менен, кайтара турчу убакыт келгенде оор абалга дуушар болуп калууңуз мүмкүн.

Кайрымдуулук ишиңизди пландаштырыңыз

Каражат сарптоодо импульсивдүүлүк коом алдындагы милдетте – марттык же кайрымдуулукта да –  жаман. Чыгымдарды болжолдоодо белек же кайрымдуулук үчүн канча каражат бөлө аларыңызды эсептеп чыгыңыз. Эгерде ар кандай мааракелерге/ аш-тойлорго көмөк көрсөтүү тууралуу кайрылышса каражаттарды пландалган суммага ылайык гана пайдаланыңыз.

Казино ойнобоңуз

Ири суммадагы акчанын сарпталуусун алып келүүчү нерселердин бардыгынан качыңыз. Бул айрыкча каржы пирамидаларына тиешелүү.

Кошумча киреше булагын табыңыз

Макулатура өткөрүңүз, кийилбей калган, бирок сапаты жакшы кийим-кечеңизди, идиш-аягыңызды, китептериңизди сатыңыз. Бош убакыт болсо сүйүктүү ишиңизге менен шугулданыңыз жана анын натыйжасында өндүрүлгөн продукцияны сатыңыз.

Челлендж пайдаланыңыз

Каражаттарды үнөмдөө үчүн бир күнгө, бир жумага максат коюңуз:

- таттуу азыктардан, ичимдиктерден, тамекиден баш тартуу;

- кафеден эмес, контейнерге салып ала келген азыктан тамактануу;

- көчөлөрдө кофе же газдалган суу алып ичүүнүн ордуна суусундук куюлган термос ала жүрүү;

- жөө жүрүү же велосипед тебүү.

Үнөмдөлгөн акча каражаттарын кайсы бир максаттар үчүн сактоо керектигин унутпаңыз.

Ашыкча аракет кылбаңыз!

Өтө эле катуу кетпеңиз, айтор ден соолугуңузга зыяны тийбегидей болсун. Катаал чектөөлөр кишини ирээнжитип жибериши мүмкүн. Андыктан дароо эмес, акчаны акырындык менен, бирок үзгүлтүккө учуратпай топтоңуз.

Банкка аманат салыңыз

Эгерде мына ушул кеңештерден кийин акча топтой баштасаңыз, анда албетте: - акчаны кантип сактоого болот? – деген суроо туулбай койбойт. Акча үйдө сакталган болсо, кайсы адамдын болбосун аны короткусу келе берет. Ошол себептүү банкка аманат ачуу – каржы каражаттарын сактоонун эң жөнөкөй жана коопсуз ыкмасы болуп саналат. Толукталуучу аманат ачыңыз – акча салып турууга, бирок алып турууга болбой турган шартта. Баса, салган каражатыңызга ай сайын чыгып туруучу пайыздык чендер инфляцияны компенсациялап турат. Банк эсебиндеги акчалар камсыздандырылган.

Аманаттардын шарты менен банктын https://keremetbank.kg/ru/retail/deposit шилтемеси боюнча таанышып, өзүңүзгө жакканын тандап алууга толук мүмкүнчүлүгүңүз бар.

#каражаттоптоо2023

#worldsavingsday2023

 

close