Жаңылыктар

«Керемет Банк» ААК «Кыргызстан ЕХРО - 2023» көргөзмөсүнө катышууда

26 тогуздун айы 2023

«Керемет Банк» ААК Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы тарабынан уюштурулган эл аралык «Кыргызстан ЕХРО - 2023» универсалдуу көргөзмөсүнө катышууда. Экспозиция 2023-жылдын 27-октябрынан тартып 29-октябрына чейин борбор шаарыбыздын Кааба уулу Кожомкул атындагы Спорт сарайда өтөт.

«Керемет Банктан» сырткары бул универсалдуу көргөзмөгө төмөнкү тармактарда иш алып барып жатышкан компаниялар катышат: жеңил өнөр жайы; химиялык өндүрүш; айыл чарбасы; энергетика; транспорт жана логистика; финансы жана камсыздандыруу; туризм жана саякат; тоо-кен өндүрүү жана металл иштетүү, кеме куруу ж.б.у.с.

«Кыргызстан ЕХРО - 2023» максаты: ички жана тышкы рынокто сапаттуу ата мекендик жана чет элдик продукцияларды өндүрүү, ошондой эле ишканалар менен мамлекеттердин  экономикалык, илимий-техникалык жана маданий өз ара байланыштарын өнүктүрүү.

Бул күндөрү «Керемет Банк» № 40 павильонго жайгашат жана сиздер аны экпозиция иштеп жаткан сааттарда, тагыраак айтканда 27-октябрь күнү – 12.00дөн 18.00гө чейин (көргөзмөнүн ачылыш салтанаты – 11.00); 28-октябрда – 9.00дөн 18.00гө чейин; 29-октябрда – 9.00дөн 16.00гө чейин көрө аласыздар. Биздин кызматкерлер сиздерге каржы мекемесинин кызматтары жана өндүрүмдөрү тууралуу кеңири айтып беришет.

 

close