Алган насыя пайдалуу болсун десеңиз
Кредит алууну ойлонуп жаткандар үчүн кеңеш
Насыя тууралуу түшүнүк
Эң ириде насыя деген эмне экендигин түшүнүп алуу зарыл. Ошентип, насыя – бул макулдашылган мөөнөт ичинде алган акчаны белгилүү бир өлчөмдөгү үстөк пайызы менен кайтарып берүү милдеттемеси менен банктан алган карыз акча.
Мөөнөтү боюнча насыялар төмөнкүдөй болуп бөлүнөт:
- кыска мөөнөттүүр (1 жылдан аз);
- орто мөөнөттүү (1-3 жыл);
- узак мөөнөттүү (үч жылдан ашык).
Өлчөмү боюнча насыяны кичи, орто жана ири деп ажыратууга болот. Эреже катары алда канча ири насыялар иштеп жаткан бизнес берилет.
Пайдалануу максаты боюнча насыялар төмөнкүчө классификациялоого болот:
- инвестициялык – бизнести өнүктүрүү үчүн;
- айыл-чарба – айыл-чарба муктаждыктары үчүн;
- коммерциялык – коммерциялык максаттар үчүн: товарларды алып кайра сатуу максатында сатып алуу, өндүрүш үчүн материал сатып алуу;
- керектөөчүлүк- жеке муктаждыктар үчүн кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү сатып алуу, мисалы, эмерек, турмуш-тиричилик техникасы, автоунаа, компъютер;
- ипотекалык – батир же үй сатып алуу;
- лизинг – жүрө-жүрө сатып алуу үчүн максаты менен ижара үчүн банк тарабынан сатып алынган жабдууларды алуу.
Насыяны жабуунун негизги ыкмалары – бирдей төлөмдөр менен (аннуитет) жана ар айлык төлөмдөр суммасынын азаюусу менен (дифференциацияланган).
Насыя алуунун оң жана терс жактары
Насыя алуунун башкы артыкчылыгы – бул кандайдыр бир кошумча каражаттарды тартпай туруп сатып алууга эч мүмкүн болбой жаткан кайсы бир буюмду сатып алуу. Эксперттердин көпчүлүгү турак жай үчүн насыя – ипотека алып, сатып алынган батирди же жер үйдү күрөөгө коюу туура деп эсептешет. Бул төмөндөгүдөй бир нече себептер менен түшүндүрүлөт:
- турак жай сатып алуу үчүн ири сумма талап кылынат жана аны чогултууга ар кимдин эле мүмкүнчүлүгү жетпейт;
- турак жай ликвиддүүлүктүн жогорку деңгээлине ээ болгондуктан башка күрөөлөрдү тартуунун кереги жок;
- ипотекалык карыж боюнча пайыздык чен карыздын башка түрлөрүнө караганда арзан;
- убакыттын өтүшү менен турак жайдын наркы түшмөк түгүл, тескерисинче өсүп жүрүп отурат;
Ипотекалык насыялоонун терс жагы болуп насыялоо мөөнөтүнүн узактыгы. Мындай шартта карыз алуучу банкка тапкан кирешесинин бир топ көлөмүн берет.
Насыялоонун кемчиликтери жана тобокелдиктер:
- алынган карыздын суммасын эле эмес, ошону менен бирге насыя боюнча чегерилген пайыздарды дагы төлөө зарылчылыгы;
- пайыздык чендерди көбөйтүү;
- валюталык курстун күтүүсүздөн өйдө-төмөн болуусу, айрыча насыя доллар же евро менен түзүлгөн болсо ж.б.;
- экономикадагы кризистен улам киреше булагынын жоюлуп кетишине байланыштуу карызды өз учурунда төлөй албай калуу;
- айыптык санкциялардан жана туумдардан улам төлөм өлчөмүнүн жогорулап кетүү тобокелдиги;
- карыз алуучунун сатып алынган товарды гана эмес, башка мүлктү дагы жоготуп алуу коркунучу.
Каржылык көйгөйлөр пайда болгон учурда карыз алуучунун күрөөгө коюлан мүлкү банктын менчигине өтүп кетүүсү ыктымал. Андыктан кардар өз каржылык мүмкүнчүлүктөрүнө толук ишенген учурда гана насыя үчүн күрөө койгону оң.
Жети өлчөп, бир кес
Адам өзүнүн төлөм жөндөмдүүлүгүн так баалап алуусу абзел: ал туруктуу эмгек акыдан, кошумча киреше булактарынан, ошондой эле такай мүнөздөгү чыгашалардан турат. Насыя боюнча төлөмдөр тапкан кирешеңиздин 30-40%пайызын гана «жегидей» болсун. Көпчүлүк адамдар кетирип жаткан ката – бул айлык акыларын банкка толугу менен өткөрүп берүүсү. Каражат маселесине келгенде тобокелдик ар дайым болорун эске алуу зарыл, мисалы ошол эле – пандемия.
Ошондой эле адамдар көпчүлүк учурларда ден соолук маселесин дагы эске ала беришпейт. Кандай болгон күндө дагы кокус ден соолукка байланыштуу иштөө мүмкүнчүлүгүн жоготуп алган учурларда кырдаалдан кантип чыгуу керектиги тууралуу дагы ойлоно жүрүү кажет.
Карыз/насыя алаардан мурда анализ жүргүзүңүз:
- насыя алсам болобу, ал ар сайын менин үй-бүлөмдүн бюджетине кандай таасир этет:
- чыны менен эле ушул чыгымдар же сатып алуулар зарылбы? Аларды азыр эмес, акча топтоп бүткөн соң алсам болбойбу?
- төлөм жүргүзүү жөндөмүмө мен өтө катуу ишенип жаткан жокмунбу? Боло турчу тобокелдиктердин бары эске алындыбы?
- ойдон чыкпай келе жаткан буюмду сатып алуу үчүн кредит алуудан башка вариант жокпу?
Насыядан баш тартуу үчүн беш кырдаал:
- карыздарды кайтаруу үчүн өмүр бою иштөө керек:
- кайра насыя алмайынча төлөй албайсыз;
- алган суммадан ашыкча акча бергиңиз келбейт;
- кимдир бирөөгө карыз экендигиңизди уккуңуз келбейт;
- мүмкүнчүлүгүңүз жетпеген нерселер үчүн.
Төмөнкү максаттар үчүн кредит алууга болбойт: үйлөнүү той, маараке же башка той, саякаттоо, тобокелдиктер менен байланышкан инвестициялар, жаңы смартфон, жаңы муундагы оюн жабдуулары, зергерчилик буюмдары же искусство предметтери, кийим-кече жана бут кийи; оңдоп-түзөө иштери, тамак-аш, башка насыяны жабуу үчүн, башка адамдар үчүн.
Коопсуз карыз алууга мисал
Үй-бүлө үчүн буюм-тайым сатып алууга/турак жай курууга, жеке бизнес ачууга/өнүктүрүүгө, балдардын билим алуусуна, активдерди топтоого (инвестициялар);
Алган карыздын суммасы сиздин төлөм жүргүзүү жөндөмүңүзгө жооп берет.
Күтүлбөгөн каржылык чыгымдарга коопсуздук жаздыкчасын түзүңүз.
Кооптуу карыз алууга мисал
Ойго келбеген каалоо-тилектерди аткарууга, кумар оюндарын ойноого, мурдагы карыздарды жабууга.
Карыз өлчөмү аны төлөө мүмкүнчүлүгүнөн жогору.
Күтүлбөгөн каржылык кырдаалдар карыздын кайтарылбай калуусуна себепкер болду.
Эгерде насыя алууну чечсеңиз
Эгерде насыя алууну чечсеңиз, анда төмөнкүлөрдү сөзсүз эске алыңыз:
- Каржылык план түзүңүз
- Кредиттин шарттарын өз алдынча иликтеп чыгыңыз.
- Ылайыктуу банкты тандаңыз
- Насыяны таап жаткан кирешеңиздин валютасында алганыңыз жакшы.
- Кол коёрдон мурун келишимди кунт коюп окуп чыгыңыз. Талап кылууңуз боюнча ар бир кредиттик мекеме окуп чыгып, кеңири таанышууңуз үчүн келишимди 1-3 күнгө берүүгө милдеттүү. Түшүнүксүз жагдайлар жаралып, суроолор туулса банк кызматкерине кайрылыңыз.
- Мүмкүнчүлүк болсо, насыяны күтүп отурбай жаап салыңыз. Насыя төлөөдө кандайдыр бир көйгөй орун алса эмне кылуу керек? Дароо кредиторго маалымдоо; банк менен биргеликте насыяны реструктуризациялоого болот; карызды рефинансылоого болот.
- Насыяны жабууну унутпаңыз. Насыя боюнча акыркы взностон кийин сөзсүз түрдө банк алдындагы эч кандай милдеттемеси жок деген маалымкат алып коюңуз.
Насыя бербей коюусу мүмкүнбү?
Банктар арыз ээсинин насыя жөндөмдүүлүгүн көп факторду анализдин негизинде баалашат, анын ичинде кардар тарабынан айтылган киреше көлөмү, насыя келишиминин шарттарына ылайык насыяны жана ал боюнча пайыздарды өз учурунда төлөп туруу мүмкүнчүлүгү дагы каралат. Ошондой эле кредиттик таржымалда камтылган маалыматтар дагы тыкыр иликтенет. Насаыяны керектөөчүлүк муктаждыктарга берүү менен банк карыздык жүк көрсөткүчүн пайдаланат. Ал кредиттик мүнөздөгү операциялар боюнча ар айлык төлөм өлчөмүнүн насыя алуучунун орточо айлык кирешесинин өлчөмүнүн пайыздык өлчөмү катары эсептелет. Бул көрсөткүч 40%дан ашпоого тийиш.
Кыймылсыз мүлктү каржылоо максатында насыя берүүдө банк насыянын кепилдик көрсөткүчүн пайдаланат. Өз кезегинде ал камсыздоо максатында күрөөгө кабыл алынып жаткан кыймылсыз мүлк объектисинин наркына карата сумманын жана (же) келишимде көрсөтүлгөн башка камсыздоонун пайыздык катышы катары эсептелет. Анын өлчөмү 90%дан ашпоого тийиш. Сумма аталган көрсөткүчтөрдөн ашып кеткен учурларда насыя берүүдөн баш тартылышы мүмкүн. Мындан сырткары, алуучу берилген насыя суммасын өз учурунда кайтара албайт деген маалымат пайда болгон учурларда банк кредиттик келишимди түзүүдөн баш тартууга укуктуу.