Жаңылыктар

«Керемет Банк» ААК «Кыргызстан ЕХРО - 2023» аталышында өткөн көргөзмөгө катышты

31 тогуздун айы 2023

«Керемет Банк» ААК үстүбүздөгү жылдын 27-29-октябрында Бишкек шаарынын Кааба уулу Кожомкул атындагы Спорт сарайында Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы (СӨП) тарабынан уюштурулган Эл аралык «Кыргызстан ЕХРО - 2023» универсалдуу көргөзмөсүнө катышты. Болуп өткөн көргөзмөнүн жыйынтыгында СӨП «Керемет Банкка» (мындан ары - Банк) ыраазычылык кат тапшырган.

Каржы мекемесинин кызматкерлери меймандарга банктын кызмат көрсөтүүлөрү менен өндүрүмдөрү тууралуу кеңири айтып беришип, белек-бечкек тапшырышты.

–«Керемет Банк» ААК Башкармалыгынын төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу Р. Султанов өз сөзүндө:  «Банк  «Кыргызстан ЕХРО - 2023» көргөзмөсүнө катышуу менен элге жакын болууну көздөйт жана элдин калың катмарына бизнести өнүктүрүү үчүн кайсы кредитти алса болору, алыш-бериш эсебин ачуу, контракттарды банктын коштоону тариздөө, банктын башка кызматтары менен өндүрүмдөрүн пайдалануу тууралуу кеңири айтып берүүнү максат кылат» - дейт.

Ошондой эле Р. Султанов Банк социалдык багытты дагы карманаарын жана «Эркин-Тоо» гезити Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата Банкка «Кыргыз бренди - 2023» сыйлыгын тапшыргандыгын белгилеп өттү. Баса, бул жогорку сыйлыкты Министрлер кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тапшырган.

Жалпы жолунан алганда экспозицияга төмөнкүдөй тармактар тартылышкан: жеңил өнөр жайы; химия өндүрүшү; айыл чарбасы; энергетика; транспорт жана логистика; финансы жана камсыздандыруу; туризм жана саякат; тоо-кен байлыктарын өндүрүү, металл иштетүү, кеме куруучулук ж.б.

«Кыргызстан ЕХРО - 2023» көргөзмөсүнүн максаты  - бул ички жана тышкы рынокто ата мекендик сапаттуу жана чет  элдик продукция менен кызмат көрсөтүүлөрдү жылдыруу,  ошондой эле ишканалар менен мамлекеттердин экономикалык, илимий-техникалык жана маданий өз ара байланыштарын өнүктүрүу болуп саналат.

close