Жаңылыктар

Кыргызстанда «Керемет Банктын» КБКсы алдында балдар жана өспүрүмдөр үчүн телесериал-жомок тартылды

9 жетинин айы 2023

Үстүбүздөгү жылдын 1-ноябрында борбор шаарыбызда балдарга жана өспүрүмдөргө арналган «Чыпалак бала» сериалынын бет ачаары болуп өттү. «Кыргызсериал» чыгармачылык-өндүрүштүк мамлекеттик бирикменин заказы боюнча эки сериялуу фильмди SS production жеке менчик киностудия тасмага түшүргөн. Булардын ортосундагы Келишимдерди банктык коштоо процесси «Керемет Банк» ААК тарабынан жүзөгө ашырылган.

Аталган иш чарага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Айнура Аскарова,  «Кыргызсериал» ЧӨБ мекемесинин директору Жеңишкүл Өзбекова жана кино тармагынын өкүлдөрү катышты.

«Чыпалак бала» сериалынын продюсери, SS production студиясынын башкы директору Сапар Сайназаров өз интервьюсунда келишимдерди банктык коштоо ага чыгашалар жөнүндө каржылык отчёт түзүүгө жакшы жардам бергендигин айтып келип: «Керемет Банк» биз менен мамлекеттин ортосунда көпүрө катары кызмат кылды. Банктын бул аракетинин натыйжасында  каржы иштеринин ачык-айкындуулугун камсыз кылып алдык» дейт.                                                                                                                  

Келишимдерди банктык коштоо деген бул – товарларды жана кызматтарды мамлекеттик сатып алууларда мамлекеттик банк товарды ташып жеткирүү же кызмат көрсөтүү боюнча тендердин жеңүүчүсүнүн каржы эсебин контролдойт жана мындай контролдоо ишинин жыйынтыгын заказчыга, башкача айтканда мамлекеттик уюмга маалымдайт. Ошол эле учурда каражаттар менен байланышкан бардык операциялар келишимди коштоп жаткан Банктын өзүнчө эсебинде чагылдырылат.

Мындай коштоолордун алдындагы негизги максат – бул келишимдерди аткаруунун ачыктыгы, ар бир жүргүзүлгөн төлөм тууралуу маалыматка кирүү аркылуу аткарылган иштердин наркы тууралуу так маалыматка ээ болуу саналат.

«Чыпалак бала» сериалы «Жеңилбес жетөө» аталышындагы масштабдуу долбоордун пилоттук бөлүгү болуп саналат. Сериалдын режисёру – Кубат Шамшиев. Көркөм тасмадагы башкы ролду ойногондор – Канат Мамырканов, Тилек Болотбек, Таазим Уметаалы, Имаш Ажыгулов ж.б.

close