Жаңылыктар

«Керемет Банктын» алты күндүк иш ыраатындагы филиалдары 2023-жылдын 18-ноябрында иштешпейт.

17 жетинин айы 2023

Урматтуу «Керемет Банк» ААК кардарлары жана өнөктөштөрү!

Техникалык иштерге байланыштуу Банктын алты күндүк иш ыраатындагы филиалдары менен сактык кассалары 18-ноябрь күнү иштебей тургандыгын маалымдайбыз.

Буга чейин маалымдап кеткендей кечээки күндөн, тагыраак айтканда 16-ноябрдан тартып Банктын төлөм терминалдары иштебей эле.

2023-жылдын 17-ноябры күнү саат 19:00дөн баштап 19-ноябрь күнү саат 23:59га чейин мобилдүү жана интернет-банкингдер, банкоматтар, pos-терминалдар менен бирге банктын бардык маалыматтык төлөм сервистери.

Мындай тыныгуу 19-ноябрдын саат 23:59га чейин созулмакчы.

Техникалык иштер кардарлардын ыңгайлуулугу үчүн төлөм сервистеринин ишин жакшыртуу максатында жүргүзүлөт.

Жаратылган ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайбыз жана түшүнүү менен кабыл алышат деп ишенебиз!

Жаралган суроолорго жооп алуу үчүн төмөнкү телефондор аркылуу «Керемет Банк» ААКнын күнү-түнү иштөөчү контакт-борборуна чалыңыз: – 0 (996 312) 55 44 44, WhatsApp – 0 (996 557) 55 44 44.

close