Жаңылыктар

«Керемет Банктын» кызматкерлери бильярд боюнча чемпион

24 жетинин айы 2023

«Керемет Банк» ААКнын Коопсуздук башкармалыгынын жетектөөчү адиси Төлөпберди Кыдыр уулу «Талисман» клубунда өткөн бильярд боюнча чемпионатта «комбинацияланган пирамида» дисциплинасы боюнча 1-орунду ээледи.

Ата мекендик бильярд клубунда мындай мелдеш жылына эки жолу өткөрүлүп турат. 2023-жылкы буга чейин өткөрүлгөн чемпионатта «Керемет Банктын» жумушчусу Ринат Кожобеков жеңүүчү деп табылган.

Аттары аталган бул эки оюнчу «Керемет Банктын» бильярд боюнча курама командасына киришет жана жакынкы арада, тагыраак айтканда декабрь айынын башында банктар арасында болуп өтүүчү турнирге кызуу даярдык көрүшүүдө.

Төлөпберди Кыдыр уулу беш жылдан бери бильярд ойноорун жана ага телевизордон, мисалы Каныбек Сагынбаев өңдүү дүйнөнүн үч жолку чемпионунун көрсөткөн оюндары  дем бергенин айткан. Толопбердинин айтуусу боюнча бильярд оюну адамга жакшы таасир этет, мээни эс алдырат.

Буга чейин Кыдыр уулу ар кайсы жерде өткөн турнирлерге катышып, экинчи жана биринчи орундарды багындырып келген. Бул жолу ал клубдун беш жолку чемпиондору менен катар ойноп, «Талисман» клубунун эки жолку чемпиону менен татыктуу таймашкан. Төлөпбердинин айтуусу боюнча биринчи орун ага күтүүсүздүк жараткан эмес, анткени ал бул оюнда жеңээрине толук ишенген. Ушуну менен эле токтоп калбастан ал республикабыздан ар кайсы жерлеринде өтүүчү чемпионаттарга катышууну жана спорттук чеберчилигин арттырууну  максат кылат.

Белгилей кетүүчү нерсе «Керемет Банктын» кызматкерлери спорттун ар кайсы түрлөрү менен машыгышат жана чуркоо, футбол, волейбол өңдүү түрлөрүна катышат.

«Керемет Банк» ААКнын эмгек жамааты спорттук оюндардын жеңүүчүлөрүнүн жалпы бардыгын куттуктайт, алар менен сыймыктанат жана дагы көптөгөн ийгиликтерди жарата берүүлөрүнө тилектеш экендигин билдирет. 

close