Жаңылыктар

«Керемет Банк» КР Президенти Садыр Жапаровдун катышуусу менен болуп өткөн футзал боюнча турнирге демөөрчүлүк кылышты

8 бештин айы 2023

«Керемет Банк» Ачык акционердик коому КР Президенти Садыр Жапаровдун катышуусу менен болуп өткөн «Мурас» аталышындагы футзал боюнча турнирге демөөрчүлү иретинде жардам көрсөттү.

Аталган иш-чара КР Президентинин Администрациясынын жана Кыргыз футбол союзунун демилгесинин негизинде уюштурулган. Спорттук иш-чара 2023-жылдын 8-9-декабрында Бишкек шаарындагы «Газпром» спорткомплексинде жана Кожомкул Каба уулуу атындагы Спорт сарайында болуп өттү.

Белгилей кетсек төртүнчү достук турнирге: «Президенттин командасы»,  Жогорку Кеңештин депутаттарынан турган - «Жогорку Кеңеш»; Облустардагы Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнөн, шаар мэрлеринен, райондун акимдеринен турган - «Аймактар», сот бийлигинин өкүлдөрүнөн турган - «Фемида»; күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин башын бириктирген - «Коопсуздук»; банк жетекчилеринин башын бириктирген - «Банктар»; футбол ардагерлеринен турган – «Алга»; спорттук федерация жетекчилеринен турган   – «Спорттук федерациялар»; таанымал спортчулардан турган – «Спорт жылдыздары»; маданият өкүлдөрүнүн башын бириктирген – «Өнөр»; ооруканалардын башкы дарыгерлеринен турган – «Ден соолук»; мектеп директорлорунан, ЖОЖ ректорлорунан турган – «Билим»; КР эл ассамблеясы, диаспора жетекчилеринен турган - «Достук»; ММК өкүлдөрүнүн башын бириктирген – «Журналисттер»; дин башкармалыгынын өкүлдөрүнөн турган – «Ыйман»; белгилүү ишкерлерден турган – «Бизнес» өңдүү  бардыгы болуп 16 команда катышты.

Турнир – сергек жашоо мүнөзүн пропагандалоо, өлкөдөгү футзалды популяризациялоо жана коомдун ар кыл тармактарынын өкүлдөрү ортосундагы достук жана бейформал мамилелерди өнүктүрүү максатында өткөрүлдү.

Оюндун жүрүшү УТРК жана ЭлТРдин «Спорт» каналдарында түз эфирден көрсөтүлдү.

close