Жаңылыктар

«Керемет Банк» ААК адиси – «Алтын калем» конкурсунун жеңүүчүсү аталды!

13 бештин айы 2023

«Керемет Банк» ААКнын мамлекеттик тил боюнча жетектөөчү адиси Таштанбек Чакиев Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги КР Жазуучулар союзу менен биргеликте уюштурган республикалык «Алтын калем» конкурсун жеңип алды. Сыйлык тапшыруу 2023-жылдын 12-декабрында, тагыраак айтканда Улуттук адабият күнү А. Осмонов атындагы Улуттук китепканада болуп өттү.

Улуттук адабият күнү  2011-жылы улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жана залкар акын Алыкул Осмоновдун урматына карата белгиленген.

2023-жылдын 12-декабрында Т. Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык мааракесине карата болуп өткөн салтанаттуу иш-чарадан кийин, Адабият күнү Улуттук китепканада белгиленип, анын жүрүшүндө «Алтын калем» конкурсунун жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшырылган.

Мелдеш «Проза», «Поэзия», «Драматургия», «Сын» ж.б. номинациялар боюнча өткөрүлүп, кесиптешибиз Таштанбек Чакиев «Котормо» боюнча жеңишке жетишкен жана ал бул конкурска атактуу япон жазуучусу жана Нобель сыйлыгынын лауреаты Рюноске Акутагаванын новеллаларынын кыргыз тилиндеги котормолору менен катышкан.

КР Президентинин жүргүзүп жаткан саясатына ылайык акыркы жылдары өлкөдөгү чыгармачыл союздарга, анын ичинде өзгөчө Улуттук жазуучулар союзуна КР Министрлер кабинети тарабынан акчалай жардамдар көрсөтүлүүдө. Белгилей кетчү нерсе, Улуттук Жазуучулар союзу бөлүнүп жаткан бул каражаттарга кыргыз акын-жазуучуларынын китептерин басып чыгарып, мамлекеттик китепканаларга бекер таратмакчы. Басылып чыга турган бул китептердин арасында кесиптешибиз Т. Чакиевдин жогоруда аты аталган котормосу дагы бар.

Буга чейин Таштанбек Чакиев Россия Жазуучулар союзу жана башка чыгармачыл союздар тарабынан уюштурулган Эл аралык «Золотое перо Руси» конкурсунда дагы орус элинин орошон таланттуу жазуучусу И. Буниндин чыгармаларын которуп, “Караңгы аллеялар” деген ат менен китеп кылып басып чыгаргандыгы үчүн  Уюштуруучунун атайын Диплому жана «И. Бунин» медалы менен сыйланган.

«Керемет Банк» ААК жамааты кесиптеши Т. Чакиев менен сыймыктанат жана ага мындан аркы дагы албан-албан ийгиликтерди каалайт!

close