Жаңылыктар

«Керемет Банк» ААКнын контракттарды банктык коштоосу алдында «Чоочун киши» сериалы тартылды

14 бештин айы 2023

Бишкек шаарында 2023-жылдын 13-декабрында жаңы «Чоочун киши» көркөм сериалынын бет ачаары болуп өттү. Аталган көп сериялуу көркөм тасма «Кыргызсериал» «Чыгармачыл-өндүрүштүк бирикмеси» мамлекеттик мекемесинин заказы боюнча «МедиаСтар» жеке менчик продакшн-студиясы тарабынан тартылган. Бул эки уюмдун ортосундагы Контракттарды банктык коштоо иштери  «Керемет Банк» ААК тарабынан жүзөгө ашырылган.

Аталган сериалдын бет ачаарына «Кыргызсериал» ЧӨБ мекемесинин директору Жеңишгүл Өзбекова катышты.

«Чоочун киши» сериалы КР Эл жазуучусу Зуура Сооронбаеванын роман-бестселлеринин негизинде тартылган. Сериалдын сюжети көрүүчүлөрдүн назарын үй-бүлө баалуулуктарын, улуу муун менен кичи муундун ортосундагы өз ара аруу мамилелерди сактоого бурат. 12-сериядан турган бул көркөм сериалдын режиссёру – Насриддин Кудайбердиев, башкы ролдордо - Саламат Калыбек уулу, Назбийке Айдарова, Арина Исакова. Бул чыгармачылык командага белгилүү продюссер жана шоураннер Сүйүн Откеев жетекчилик кылган.

Сериалдын продюссери Салтанат Иманкулова Банк тарабынан жүзөгө ашырылган Контракттарды банктын коштоо боюнча өз оюн ортого салды:

–        Менин билишимче, Контракттарды банктык коштоо үстүбүздөгү жылы эле жүзөгө  ашырылып жаткандыктан ал  айрым бир техникалык мүнөздөгү кыйынчылыктар менен коштолгон. Жалпы жолунан алганда банктык коштоо ачык-айкындуулукту камсыз кылгандыктан, биз заказчылардан акча келгенин жана ага кол коёорубуз менен акчабыз колго тийерине ишенип жаттык. Учурдан пайдаланып  «Керемет Банктын» командасына, анын ичинде Рыскүлгө, Мээримге жана Аидага ыраазычылык билдире кетким келет. Аталган кызматкерлердин жардамынын аркасында биз бардык техникалык көйгөйлөрдү чечип алдык. Айтор, биз бул кыздарга улам-улам чалып, кино өндүрүшүнүн спецификасын түшүндүрүүгө аракет кылып жаттык. Кыскасы, бир бул долбоорду жүзөгө ашырдык, бардыгы жакшы!

Эске сала кетсек, Контракттарды банктык коштоо (КБК) – бул товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууда мамлекеттик банк тендердин жеңүүчүсүнүн (жабдуучунун же подрядчынын, аткаруучунун, ошондой эле бардык субподрядчылардын жана кошумча подрядчылардын) эсептөөлөрүн контролдойт жана бул контролдун натыйжаларын заказчынын, башкача айтканда мамлекеттик уюмдун назарына жеткирет.

Мындай коштоолордун негизги максаты – контракттарды коштоодогу ачык-айкындуулук, ошондой эле ар бир жүргүзүлгөн төлөм жөнүндө маалыматтарга кирүү мүмкүнчүлүгүнүн аркасында аткарылган иштердин наркы тууралуу так маалымат алуу.

Белгилей кетчү нерсе, «Кыргызсериал» Чыгармачыл-өндүрүштүк бирикмеси» мамлекеттик мекемесинин заказы боюнча «Керемет Банк» ААКнын контракттарды банктык коштоосу алдында буга чейин жеке менчик киностудиялар тарабынан «Жалбыз-2» жана «Чыпалак бала» сериалдарынын бет ачаары болуп өткөн.

close