Жаңылыктар

«Керемет Банк» жигердүү иш алып барууда

18 бештин айы 2023

2023-жылдын 18-декабры., Бишкек шаары

Акыркы жылдары «Керемет Банк» Ачык акционердик коомунун  эмгек жамааты Кыргызстандын экономикасына өз салымын кошуу үчүн жигердүүлүк менен иш алып барууда. Мисалы, Банктын каржылык көрсөткүчтөрү туруктуу өнүгүп жаткандыгын көрүүгө болот: 2021-жылы киреше 22,6 млн.сомду, 2022-жылы – 359,3 млн. сомду түзсө, 2023-жылдын 11 айында ал – 451,9 млн. сомду түзгөн. Бардык каржылык көрсөткүчтөр расмий сайтта жайгаштырылган.

«Керемет Банк» ААК акыркы үч жыл аралыгында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан белгиленген бардык экономикалык ченемдерди сактоо менен иш алып барууда.

Бүгүн ал өзүнүн кардардык базасын кеңейтип, алар үчүн бардык ыңгайлуу жана пайдалуу шарттарды түзүп, кардарларды тейлөө сапатын жакшыртууда.

«Керемет Банк» ААКнын негизги акционери болуп Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы саналат жана ал акцияларынын 97,45%на ээлик кылат.

«Керемет банк» ААК – Кыргыз Республикасынын депозиттерин коргоо боюнча Агенттиктин туруктуу мүчөсү болуп саналат. Кыргыз Республикасы «Банктык салымдарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Мыйзамына ылайык жеке жактар менен менен жеке ишкерлердин «Керемет Банк» ААКга салган депозиттери коргоого алынган жана кепилденген учур келип жеткен учурларда мидетттүү түрдө кайтарылууга тийиш.  

Келечекте Банктын инвесторго сатылышы жана инвестор тарабынан  алдыңкы банктык технологиялар менен катар кошумча каржы ресурстарынын алынып келиниши каржы мекемесинин мындан ары дагы өсүп-өнүгүүсүнө, ошондой эле  Кыргызстандагы алдыңкы банктардын бирине айлануусуна шарт түзөт.

Урматтуу ММК өкүлдөрү! Кошумча суроолор боюнча төмөнкү телефондорго байланышыңыздар: 0 (996 312) 55 44 44 или электронной почте call-center@keremetbank.kg.

close