Жаңылыктар

Техникалык иштер улантылууда

10 үчтүн айы 2024

Урматтуу «Керемет Банк» ААК кардарлары!

«Керемет Банк» ААК Банктык сервистерди жаңылоо учурунда техникалык мүчүлүштүктөр орун алып, кызмат көрсөтүүлөр жаатында үзгүлтүктөр орун алгандыгына байланыштуу 2024-жылдын 8-январынан тартып Банктын кассалары аркылуу кабыл алынуучу төлөмдөрдө, клирингдик жана ГРОСС төлөмдөрдө, ошондой эле акча которууларда жана мобилдик тиркемелерде ар кандай мүнөздөгү кемчиликтер орун алып жаткандыгын маалымдайбыз.

Жүргүзүлүп жаткан бул иштер Банк сервистеринин коопсуз мүнөздө иштөөсүн камсыз кылуучу процесстердин жаңы, сапаттуу баскычка өтүү зарылчылыгы менен байланыштуу экендигин белгилейбиз.

Азыркы учурда Банктын кызмат көрсөтүү иштери жарым-жартылай түрдө калыбына келтирилди, биз бардык сервистердин үзгүлтүксүз жана штаттык түрдө иштөөсүн камсыз кылуу багытанда иштерди улантуудабыз.

Жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз жана бизди түшүнүү менен кабыл аласыздар деп ишенебиз!

 «Керемет Банк» ААКнын күнү-түнү иш алып абруучу контакт-борбору: – 0 (996 312) 55 44 44, WhatsApp – 0 (996 557) 55 44 44

close