Жаңылыктар

КР Министрлер Кабинети Улуттук банктан «Керемет Банкты» сатып алууну каалайт

15 үчтүн айы 2024

«Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан «Керемет Банк» ачык акционердик коомунун акциялар пакетин сатып алуу жөнүндө» Мыйзамынын долбоору 2023-жылдын 27-декабрында Жогорку Кеңеште каттого алынган.

Мыйзам долбоорунун максаты – Министрлер Кабинетинин Финансы министрлигинин атынан финансылык жөнгө салуучудан «Керемет Банктын» акцияларынын 97,45%ын фондулук биржадан сырткары акча каражаттарын КРУБнын эсебине түз чегерүү жолу менен сатып алуусу болуп саналат.

Документтин маалымкат-негиздемесинде көрсөтүлгөндөй, «Керемет Банктын» акцияларын сатып алгандан кийин Министрлер Кабинети экономиканы өнүктүрүү, мамлекеттик программаларды ишке ашыруу жана артыкчылыктуу секторлорду кредиттөө үчүн активге, кошумча институтка ээ болот. Кийинки жылдарда «Керемет Банк» пайдага чыкты, банк мыйзамдарына ылайык бардык экономикалык ченемдерди аткарып келет, өзүнүн ишмердүүлүгүн штаттык шарттамда жүзөгө ашырып жатат жана банк кызмат көрсөтүүлөрүнүн толук спектрин берет, бутактанган аймактык тармакка жана банктык жабдуунун өнүккөн инфратүзүмүнө ээлик кылат, маалымкат-негиздемеде ал «Элкарт» улуттук төлөм тутумунун катышуучусу болуп саналары да айтылган.

Бул мыйзам долбоору коомдук талкуулоону талап кылбай турганы көрсөтүлгөн.

Мыйзам долбоору жана анын маалымкат-негиздемеси менен шилтеме боюнча таанышууга болот.

close