Жаңылыктар

НПС «Элкарт» УТТнун карталары жөнүндө маалымат

17 үчтүн айы 2024

Урматтуу кардарлар!

Накталай эмес төлөмдөрдү андан ары өнүктүрүү, ошондой эле транзакциялардын коопсуздугун жогорулатуу жана жөнөкөйлөштүрүү үчүн Банктар аралык процессингдик борбор NFC технологиясынын базасындагы контактсыз карталарды колдонууну максатка ылайыктуу деп эсептеп, 2024-жылдын 1-январынан баштап «Элкарт» улуттук төлөм тутумунун магниттик карталарын чыгарууну токтотту.

NFC (Near field communication – «жакынкы контактсыз байланыш») – бул атайын эсептөөчү терминал менен төлөм картасынын ортосундагы 10 см чейинки аралыктан маалыматтарды жоготуу же аларды тутуп алуу тобокелисиз маалыматтарды контактсыз алмашуу технологиясы: картанын номери жөнүндө маалыматтар шифрленген түрдө колдонулат жана эч жакка өткөрүлүп берилбейт.

Сиз NFC-картаны алуу үчүн «Керемет Банкка» кайрыла аласыз, ал, магниттик картага салыштырмалуу, соода-сервис ишканаларынын кассаларында жана транспортто акы төлөөдө бир катар артыкчылыктарга ээ болот. Карталарды колдонууга банктын тарифтери менен расмий сайтыбыздын «Карталар» бөлүмүнөн кыйла кененирээк таанышууга болот.

«Керемет Банктан» мурда берилген «Элкарт» УТТнун магниттик карталарын алардын иштөө мөөнөтү бүткөнгө чейин колдонууга болот, мөөнөтү бүткөндө аларды «Элкарт бесконтакт» NFC-карталарына алмаштыруу зарыл.

close