Жаңылыктар

«Керемет Банк» – «Элкарт Бизнес» картасын жайылтууда алдына эч кимди салган жок! Банк года по продвижению карт «Элкарт Бизнес»!

27 үчтүн айы 2024

2024-жылдын 25-январында «Банк аралык процессиндик борбор» Ачык акционердик коому өз өнөктөштөрү – банктар менен төлөм жүргүзүүчү уюмдарды ийгиликтүү жана натыйжалуу кызматташтыгы үчүн сыйлады. Анда «Керемет Банк» Ачык акционердик коому «Элкарт Бизнес» картасын жайылтуу боюнча «Жылдын мыкты Банкы» деп табылган. Сыйлыктын статуеткасы «Керемет Банктын» атынан Банк башкармалыгынын төрагасынын орун басары Руслан Султановго тапшырылды.

МПЦ — «Элкарт» улуттук төлөм системасынын (УТС) төлөм карталарына эмиссия өткөрүүчү жападан жалгын оператору жана процессингдик борбору болуп саналат.  Ал 2023-жылдын жыйынтыгын чыгарып, өнөктөштүктүн тигил же бул чөйрөсүндө айырмаланышкан каржы структураларын аныктаган. 

 20дан ашык банктар, каржы уюмдары, ошондой эле КРнын Санарипти өнүктүрүү министрлиги «Элкарт» УТСнын катышуучулары болуп эсептелет.

2023-жыл аяктап жаткан мезгилде бардыгы болуп 3 325 123 «Элкарт» картасы жүгүртүүгө алынып, жыл ичинде жалпы суммасы 490 млр. 194 млн. сом өлчөмүндөгү суммага 112 122 841 транзакция өткөрүлгөн.

«Элкарт» жана  Элкарт-Бизнес карталары жөнүндө толук маалыматты Керемет Банктын» сайтынан табууга болот.

Ошондой эле суроолор боюнча төмөнкү телефондор аркылуу Банктын күнү-түнү иш алып баруучу контакт-борборуна чалып билүүгө болот: – 0 (996 312) 55 44 44, WhatsApp – 0 (996 557) 55 44 44.

КРУБдун № 049 лицензиясы

close