Жаңылыктар

«Керемет Банкта» акция – аманаттардан жылына 15,5% киреше

6 бирдин айы 2024

«Керемет Банк» ачык акционердик коому жеке жана юридикалык жактар үчүн  2024-жылдын 5-февралынан тартып 31-июлуна чейин аманаттар боюнча акция өтөрүн маалымдайт. Белгиленген бул мөөнөт ичинде аманаттарды жылдык пайыздык чени 15,5%га чейинки көрсөткүч менен жайгаштыруу мүмкүнчүлүгү бар.

Жеке жактар: «Мөөнөттүү», «Пенсиялык сактык», «Пайыздарды капиталдаштыруу аркылуу топтоочу», «Пайыздарды капилдаштыруусуз топтоочу», «Мөөнөттүү, пайыздары алдын ала» өңдүү аманаттарды жайгаштыра алышат. Пайыздык чен аманаттарды жайгаштыруу мөөнөтүнө (3 айдан тартып 36 айга чейин) жараша болмокчу жана 3,0%дан 15,5%га чейин вариацияланат.

Юридикалык жактар өз аманаттарын «Корпоративдик» жана  «Мөөнөттүү, пайыздар алдын ала» шарттары менен жайгаштыра алышат. Пайыздык чен аманаттарды жайгаштыруу мөөнөтүнө (3 айдан тартып 36 айга чейин) жараша болмокчу жана 5,0%дан 12,0%га чейин вариацияланат.

Бул тууралуу кеңири маалыматты банктын расмий сайтындагы «Акциялар» деген бөлүмдөн табууга болот.

Байланыш үчүн телефондор: 0 996 (312) 55 44 44, e-mail: call-center@keremetbank.kg

КРУБдун №049 лицензиясы

close