Жаңылыктар

Жогорку Кеңеш КР Министрлер Кабинетинин «Керемет Банк» ААКны сатып алуу демилгесин жактырды

15 бирдин айы 2024

КР Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 14-февралындагы отурумунда депутаттар "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан "Керемет Банк" ачык акционердик коомунун акцияларынын пакетин сатып алуусу жөнүндө" Мыйзам  долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алышты. Мыйзам долбоорунун демилгечиси – Министрлер Кабинетинин Төрагасы.

Кеп банктын 97,45% акциясын фонддук биржадан тышкары Улуттук банктын эсебине акча каражаттарын түз которуу аркылуу кайра сатып алуу жөнүндө болуп жатат.

Аталган Мыйзам долбоору жөнүндө маалымат ЖКнын Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин Төрагасынын орун басары Талайбек Масабиров тарабынан берилди.

Депутат Т. Масабиров аталган Мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окуудан кабыл алуу жөнүндө парламенттик фракциянын чечими бар экендигин белгиледи.

close