Жаңылыктар

«Керемет Банк» – бильярд боюнча банк аралык күмүш медалдын ээси!

19 бирдин айы 2024

«Керемет Банк» Ачык акционердик коомунун командасы Кыргызстан Банктар бирлиги тарабынан уюштурулган жана 2024-жылдын 17-февралында  Бишкек шаарынын «Талисман» бильярд клубунда болуп өткөн бильярд боюнча банктар аралык турнирде күмүш сыйлыкка ээ болду.

Мелдеш «динамикалык пирамиде» дисциплинасы боюнча уюштурулуп, ага ар бири үч катышуучудан турган жети команда катышкан. «Керемет Банктын» намысын Административдик бөлүмдүн начальниги Айбек Жусупбеков, ушул эле курамдык бөлүмдүн кызматкери Ринат Кожобеков, ошондой эле Коопсуздук башкармалыгынын жетектөөчү адиси Кыдыр уулу Төлөпбердилер тарабынан корголду.

Өткөн жылы бильярд боюнча мелдеш өткөрүлбөй калгандыгына байланыштуу бул банк аралык жолугушуу 2023-жылы өткөрүлгөн. Белгилей кетчү нерсе 2022-жылы «Керемет Банк» кий чеберлеринин арасында өткөн мындай мелдеште алтын медалга ээ болгон.

close