Жаңылыктар

«Керемет Банктын» 23-февраль майрам күнүнө байланыштуу Иш графиги

20 бирдин айы 2024

Урматтуу кардарлар!

«Керемет Банк» Ачык акционердик коому 2024-жылдын 23-февралы майрам – иш эмес күн экендигин маалымдайт. Майрамдын алдындагы, тагыраак айтканда 22-февралдагы иш күн 1 саатка кыскарат:

  • ар күнү  саат 17:00гө чейин иштөөчү филиалдар жана сактык кассалар бул күнү кардарларды саат 16:00гө чейин кабыл алышат;
  • иш мөөнөтү күн сайын саат 16:30га чейин созулгандар 22-февраль күнү 15:30га чейин иштешет.

Алты күндүк иш графиги боюнча иштешкен соода түйүндөрү үчүн 24-февраль – жумуш күн болуп эсептелет.

«Керемет Банк» бардык кыргызстандыктарды Ата Мекенди коргоо күнү менен чын жүрөктөн куттуктайт! Мекенибизде ар дайым тынчтык, токчулук жана бейпилчилик өкүм сүрсүн!

Жаралган суроолорго жооп алуу үчүн төмөнкү телефондор аркылуу «Керемет Банк» ААКнын күнү-түнү иштөөчү контакт-борборуна чалыңыз: – 0 (996 312) 55 44 44, WhatsApp – 0 (996 557) 55 44 44.

close