Жаңылыктар

Кардарлардын жана өнөктөштөрдүн эсине!

28 бирдин айы 2024

«Керемет Банк» ААК  кредит алууга жардам берүү тууралуу www.kgkredits.com сайтына жарыяланган маалымат чындыкка дал келбей тургандыгын билдирет.

«Керемет Банк» ААК  өз кезегинде  "ФП Групп" ЖЧК менен эч кандай жарандык-укуктук мамилелеринин жок экендигин, өз ишмердүүлүгү жана кредит берүү шарттары тууралуу жарнактык жана башка маалыматтарды башка сайтка жарыялабай тургандыгын, ошондой эле кредит алуу үчүн табыштамаларды кабыл алуу, топтоо жана жеке маалыматтарды иштетүү укугун "ФП Групп" ЖЧКга бербегенин маалымдайт.

Ушуга байланыштуу Банк жарандарды өтө этият болууга жана жекече маалыматтарды аталган сайтка, ишенимсиз булактарга жайгаштырбоого чакырат. Ошону менен бирге кардар тарабынан өздүк купуя маалыматтардын чыгып кетүүсү, ишенимсиз интернет-булактарын пайдалануу учурунда жеке маалыматтардын ачыкталышы жана алдамчылар тарабынан ишке ашырылган транзакциялар үчүн Банк жооп бербейт.

Банк тарабынан көрсөтүлүп жаткан продукттар жана кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө кеңири жана ишенимдүү маалыматтарды биздин www.keremetbank.kg расмий сайтыбыздан таба аласыздар.

Кошумча суроолор боюнча «Керемет Банк»  ААКнын күнү-түнү иш алып баруучу контакт-борборуна кайрылууга болот. Тел:  – 0 (996 312) 55 44 44, WhatsApp – 0 (996 557) 55 44 44. 

close