Жаңылыктар

«Керемет Банктын» 8-март майрам күнгө карата иш ырааты

4 жалган куран 2024

Урматтуу кардарлар!

«Керемет Банк» Ачык акционердик коому 2024-жылдын 8-марты майрам күн экендигине байланыштуу 7-марттагы иш күн 1 саатка кыскара тургандыгын маалымдайт:

  • кадыресе күндөрү саат 17:00 чейин иштөөчү филиалдар, сактык кассалар кардарларды бул күнү 16:00гө чейин, ал эми иш убактысы саат 16:30га чейинкилер бул күнү 15:30га чейин кабыл алышат.

9-мартта алты күндүк иш ыраатында иштөөчү соода түйүндөрү иш алып барышат.

«Керемет Банк» бүткүл кыргызстандыктарды Эл аралык аялдар күнү менен куттуктайт жана жалпы аялзатына узак өмүр, бакубат турмуш каалайт!

«Керемет Банк» ААК контакт-борбору 24/7 режиминде иш алып барат жана суроолор боюнча 0 (996 312) 55 44 44 телефон номуру  же  0 (996 557) 55 44 44 WhatsAppномуру аркылуу байланышууга болот.

close