Жаңылыктар

Банк аралык турнирде «Керемет Банктын» волейболчулары күмүш медалга ээ болушту

4 жалган куран 2024

«Керемет Банк» ААК командасы Бишкек шаарында 2024-жылдын 3-мартында өткөн волейбол боюнча банк аралык турнирде экинчи орунду багындырышты.

Кыргызстан Банктар бирлиги тарабынан уюштурулган спорттук мелдеште бардыгы болуп 8 команда катышкан  жана анда «Керемет Банктын» кызматкерлери финалга чыгып, күмүш медалдарга ээ болушкан.

Белгилей кетсек, биздин Банктын намысын Айбек Джусупбеков, Нурсултан Асан уулу, Аскар Жыргалбаев, Данияр Имарали уулу, Ринат Кожобеков, Толопберди Кыдыр уулу, Аббосхон Мирзаев, Мирпулат Мирзаев, Тимур Ниязалиев, Нуржигит Тагаевдер коргоп татыктуу оюн көрсөтө алышты.

close