Жаңылыктар

Министрлер Кабинети «Керемет Банкты» сатып алгандыгы тууралуу мыйзам 15-марттан тартып күчүнө кирет

5 жалган куран 2024

"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан "Керемет Банк" ачык акционердик коомунун акцияларынын пакетин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин сатып алуусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы расмий жарыялангандан он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Ченемдик-укуктук акт 2024-жылдын 5-мартында «Эркин-Тоо» гезитине жарыялангандыктан ушул айдын 15-мартында күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2024-жылдын 14-февралында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган Мыйзамга кол койгон.

Документте Министрлер Кабинети Финансы министрлигинин атынан «Керемет Банк» ААКнын 97,45 % акциясын Улуттук банктан сатып алары белгиленген, ошондой эле мыйзам күчүнө киргенден тартып он күн ичинде Финансы министрлиги жана КР Улуттук банкы акциялар пакетин сатып алуу тууралуу тиешелүү макулдашууга кол коюулары керек.

Мыйзамдын толук тексти менен төмөнкү шилтеме аркылуу  «Эркин-Тоо» гезитинен таанышууга болот.

close