Жаңылыктар

«Керемет Банк» менен QR-код боюнча сатып алуулар үчүн төлөмдөрдү оңой-олтоң жүргүзүүгө болот

5 жалган куран 2024

QR-код (куаринг) боюнча төлөм жүргүзүү – смартфондун жардамы менен бирдиктүү QR-коду бар соода-сервистик мекемелерде көз ачып-жумганча төлөм жүргүзүү ыкмаларынын бири  болуп саналат. Бул үчүн банктык картаны эч жакка такоонун жана пин-код киргизүүнүн зарылчылыгы жок: сатып алуучунун эсебиндеги акча каражаты сатуучунун эсебине түшөт.

QR – бул quick respons («тез жооп») сөз айкашынын кыскартылган формасы. Мындай код ичинде символдор, линиялар, чекиттер, фигуралар ж.б. бар квадрат түрүндө көрүнөт жана анда акча каражатын алуучунун төлөм реквизиттери жашырылган.

«Керемет Банктын» кардарлары  бул операцияларды NFC-чиптин жардамысыз эле android базасындагы смартфондордон жүзөгө ашыра алышат, эң башкысы – банк тиркемеси орнотулган интернетке кирүү мүмкүнчүлүгү болууга тийиш.

QR-код боюнча төлөм жүргүзүү үчүн:

  • телефондун камерасынын жардамы менен сатуучунун QR-кодун сканерден өткөрүү зарыл;
  • төлөм жүргүзүү ыкмасын тандаңыз (банк тиркемесин алдын ала жүктөп, андагы коддун сканерин пайдаланууга болот);
  • зарыл сумманы киргизиңиз;
  • төлөмдү тактаңыз.
close