Жаңылыктар

Visa картасы аркылуу төлөө менен сиз бассейнди оңдоп-түзөөгө жардам бере аласыз

12 жалган куран 2024

Эл аралык Visa төлөм системасы Кыргыз Республикасынын Триатлон федерациясы менен биргеликте социалдык долбоорду жүзөгө ашырат. Аталган долбоордун алкагында Visa төлөм системасынын картасынын ээлери ден соолугу жаатында мүмкүнчүлүгү чектелген балдар менен бойго жеткендер жана триатлеттер базасы үчүн инклюзивдик бассейнди оңдоп-түзөөгө өз салымдарын кошо алышат.

Бул үчүн ушул айдын, тактап айтканда марттын аягына чейин акциянын дүкөн-өнөктөштөрүнөн соода-сатык кылуу зарыл: Visa картасы менен төлөнгөн ар бир сумманын 10% оңдоо иштерине багытталат.

Акциянын катышуучулары: Asia Store, «МегаМастер» курулуш гипермаркети, Gergert Sport спорт дүкөнү жана Globus супермаркеттер түйүндөрү.

«Керемет Банктын» Visa картасы аркылуу төлөм жүргүзүп, социалдык долбоорго салым кошуңуз!

* 80 000 доллардан өлчөмүндөгү суммадан көп эмес.

close