Жаңылыктар

«Керемет Банк» ААКнын Нооруз майрамына байланыштуу иш графиги

18 жалган куран 2024

Урматтуу кардарлар!

«Керемет Банк» Ачык акционердик коому 2024-жылдын 21-марты жумушчу эмес майрам күн экендигин маалымдайт. Андан мурдагы жумушчу күн  - 20-март бир саатка кыскарат:

  • кадыресе күндөрү иш графиги саат 17:00гө чейинки филиалдар жана сактык кассалар кардарларды  16:00гө чейин;
  • кадыресе күндөрү иш графиги 16:30га чейинкилер – 15:30га чейин кабыл алышат.

КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 26-декабрындагы № 708 «2024-жылдагы майрам күндөрүн жылдыруу жөнүндө» Токтомуна байланыштуу 22-март дагы жумушчу эмес күн болуп саналат.

23-мартта алты күндүк иш графигиндеги соода түйүндөрү иштейт.

«Керемет Банк» жалпы кыргызстандыктарды Улустун улуу күнү – Нооруз менен чын жүрөктөн куттуктайт. Жаз жарчысы болгон бул күн элибизге бейпилчилик, токчулук, ынтымак-ырашкерлик алып келсин!

Мамлекетебиз гүлдөп-өнүгүүнүн үстүндө болуп, ар бир үйдө наристе балдардын күлкүсү  жаңырсын!

«Керемет Банк» ААКнын контакт-борбору 24/7 режиминде иш алып барат жана аны менен 0 (996 312) 55 44 44  телефон же WhatsApp номуру аркылуу байланышууга болот: (996 557) 55 44 44.

close