Жаңылыктар

Картадагы акчаны уурдатып жиберген соң кандай аракет кылуу керек?

3 чын куран 2024

Убакытты куру бекер кетирбей тез аракет кылыңыз. Акчаңызды ниети бузук, шылуун адамдарга алдатып жеберүүдө эмне кылуу керек жана чыныгы алдамчылыкты  «достук маанайдагы фроддон» кантип айырмаласа болот?

Banks.kg порталы алдамчылык учурларында кардарлардын аракетинин алгоритми тууралуу билүү үчүн «Керемет Банк» ААКга кайрылган.

Эгерде сизге соода-сатык кылбаганыңызга карабастан картаңыздагы эсептен кайсы бир сумма алынгандыгы тууралуу SMS-билдирүү келген болсо, демек акча уурдалган болот. Мындай учурда төмөнкүдөй аракет кылыңыз:

Дароо картаңызды бөгөттөңүз.

Мындай иш-аракетти телефондогу банктык тиркеме аркылуу жасаңыз же банкка кайрылыңыз. Алдамчылардын карта эсебиндеги калган сумманы дагы чыгарып кетүүсүнө жол бербөө үчүн сөзсүз бөгөттөө зарыл.

Акча каражаты уурдалгандыгы тууралуу call-борборго билдириңиз

Картаны тиркеме аркылуу бөгөттөгөн күндө деле банкка телефон чалып, акча каражаты уурдалгандыгы жана картанын бөгөттөлгөндүгү тууралуу кабарлаңыз. Бул Банк тарабынан алдамчылар жүргүзүп жаткан же жүргүзө турган транзакцияларды токтотуу үчүн кажет.

Банктык операциялар менен макул эмес экендигиңиз тууралуу арыз жазыңыз 

Мындай иш банк бөлүмүндө жүргүзүлөт. Картадан канча акча чыгарылгандыгын, операциянын саат канчада, кайдан жасалгандыгын, транзакциянын суммасын тактоо үчүн  Банк кызматкерлерине белгилүү бир убакыт талап кылынат. Банктын корутундусун колуңузга алгандан кийин милиция бөлүмүнө кайрылыңыз.

КР ИММге арыз жазыңыз

Көпчүлүк адамдар милицияга арыз жазуу – убакытты текке кетирүү деп эсептешет жана шылуун адамдарды өз алдынча издөө боюнча активдүү чараларды кабыл алышат.

«Чыныгы алдамчылыкты «достук маанайдагы фроддон» айырмалай билүү абзел. Биринчи учурда акчаңызды табуу өтө кыйын болот, ал тургай табуу дээрлик мүмкүн эмес. Көпчүлүк учурларда  «достук маанайдагы фродго» орун берилет жана мындай шартта адам банктык картасынын эсебиндеги акча каражаты кемип жаткандыгын байкай бербейт.  Ишти иликтөө учурунда балдардын бири ата-энесинин картасын оюн аккаунтуна кошуп койгондугу аныкталган. Ушундай кыяздагы дагы бир учурга назар салып көрөлү: күндөрдүн биринде кайсы бир аял үнөмдөп, карта эсебине чогултуп жүргөн акчасынын туруп-туруп эле жок болуп кеткенин байкаган. Чогулткан акчасын банкоматтан келини чыгарып кеткендиги  видеобайкоо аркылуу көрүшкөн. Ошентип, картанын ар кайсы жерде жатышы, чоочун адамдарды мындай кой, айрым учурларда тууган-тушкандардын алдамчылыкка баруусуна түрткү болот.  Жыйынтыктап айтканда, картаңыздарды эч кимге бербеңиз жана ар дайым сак болуңуз. Ал эми акча каражатын уурдатып жиберээр замат биз көрсөткөн аракеттердин алгоритмин аткарууга өтүү керек! – дейт «Керемет Банк» Banks.kg. порталына жооп берип жатып.

Эгерде документтериңизди (пасторт, күбөлүк же айдоочулук күбөлук) жоготуп алсаңыз, шылуун адамдардын аларды кайсы бир алдамчылык иштерге колдонуп жибербөөсү үчүн дароо жоголгондугу тууралуу билдирүү керектигин эскертебиз.

Белгилей кетчү нерсе, буга чейин дагы «Керемет Банк» акча жоготуулардын алдын кантип алуу керектиги тууралуу материал жарыялаган. Макала менен таанышуу үчүн төмөнкү шилтемеге кириңиз.

close