Жаңылыктар

«Керемет Банктын» кызматкерлеринин кесиптик жетишкендиктери Кыргызстан Банктар союзу тарабынан белгиленди

11 бугу 2024

«Банк кызматкеринин күнү» кесиптик майрамдын урматына Кыргызстан Банктар союзу Банк секторунун өнүгүүсүнө жана Кыргызстан Банктар союзунун уставдык ишмердүүлүгүнө  олутуу салым кошкон «Керемет Банк» ААКнын кызматкерлерине бир катар Ардак грамоталарды жана Ыраазычылык каттарды тапшырды.

Сыйлоо иш-чарасы 2024-жылдын 10-майында Банктын башкы кеңсесинде болуп өтүп, кызматкерлер өз сыйлыктарын Банк башкармалыгынын төрагасы Тимур Өмүрбекович Бербаевдин колунан алышты.

Куттуктоо сөзүн Т.Ө. Бербаев: «Урматтуу кесиптештер, бардыгыңыздарды кесиптик майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм. Бул сыйлык сиздерге жөндөн-жөн эле тапшырылып жаткан жери жок. Дегеним, сиздердин ар бириңиздер өзүңүздөрдүн иш билги тажрыйбаңыздар менен чынында эле жогорку сыйлыктарга татыктуусуздар. Жалпы ишмердүүлүктүн өнүгүүсү үчүн кошкон салымыңыздар үчүн сиздерге чоң рахмат! Сиздердин аркаңыздар менен биз бүгүн кардарлардын ишенимин актап, мыкты көрсөткүчтөрдү жаратуудабыз. Мындан ары дагы албан ийгиликтерди жарата берүүңүздөргө тилектешмин!» - деп жыйынтыктады.

Ардак грамота менен сыйлангандар:

Айтыкеева Динара Асанходжоевна – «Керемет Банк-Чуй» ААК филиалынын директору;

Бабекова Гуля Казбековна – Адам ресурстары башкармалыгынын начальнигинин орун басары;

Баратова Айсулуу Сыргаковна – «Керемет Банк-Манас» ААК филиалынын Операциялык бөлүмүнүн начальниги;

Касымов Кубатбек Туратбекович – «Керемет Банк» ААКнын Ишкерликти колдоо башкармалыгынын Операциялык коштоо боюнча аймакты менеджер;

Кушбакова Анаркан Шукуровна – «Керемет Банк-Жалалабат» ААК филиалынын Кассалык операциялар бөлүмүнүн начальниги;

Какишов Айбек Каныбекович – Ишкерликти колдоо башкармалыгынын Операциялык коштоо боюнча аймакты менеджер;

Асанакунова Аида Арабековна –  «Керемет Банк» ААКнын Маалымат технологиялары башкармалыгынын Программалык камсыздоолорду иштеп чыгуу жана бизнес анализ бөлүмүнүн мүмкүнчүлүктөр администратору;

Ыраазычылык кат менен сыйлангандар:

Аманбекова Айдай Аманбековна –  «Керемет Банк - Кара- Балта» ААК филиалынын насыялар бөлүмүнүн начальниги;

Ибрагимов Данияр Анварбекович – «Керемет Банк» ААКнын Коопсуздук башкармалыгынын маалымат коопсуздугу боюнча башкы адиси;

Идинова Гульнур Мелисовна – «Керемет Банк» ААКнын Бек-офисинин башкы адиси;

Кадыров Алмамбет Нурбекович – «Керемет Банк» ААКнын Анализ жана мерчемдөө башкармалыгынын башкы адиси;

Конурбаева Айзада Таласбековна – «Керемет Банк - Бишкек» ААК филиалынын Кант шаарындагы №049-01-17 Сактык кассасынын менеджер-кассири;

Прижанова Гулбарчын Ибрагимжановна – «Керемет Банк -Жалалабат» ААК филиалынын Кассалык операциялар бөлүмүнүн кассири;

Шамшиев Жоомарт  Маматалиевич – «Керемет Банк - Ош» ААК филиалынын Ноокат шаарындагы №049-32-03 Сактык кассасынын башчысы.


close