Жаңылыктар

«Керемет Банк» ишембилик өткөрдү

13 бугу 2024

«Керемет Банк» ААК кызматкерлери 11-май ишемби күнү «Эко Деми» Коомдук фонду менен биргеликте ВДНХ каршысындагы токой тилкесинин аймагын таштандыдан тазалоо иштерине катышты. Аталган ишембилик Бүткүл Дүйнөлүк тазалык күнүнө арналган жана аны өткөрүү демилгеси өлкөнүн экологиялык кырдаалында коомчулуктун назарын бурууга багытталган. Айлана-чөйрөнүн кирдеши бүгүнкү күндөгү көйгөйлүү маселелердин бирине айланып калгандыгы эч кимге деле жаңылык эмес. Андыктан бул багытта иш алып барып жатышкан активисттер коомчулукту ишембиликке катышып тим болбостон, ошону менен бирге коомдук жайлардагы тазалыкты сактоого, ресурстарды колдонууда этият болууга жана аларды туура утилдештирүүгө чакырып келишет.

Ишембилик оюн формасында жана кызыктуу өттү десек жаңылышпайбыз. Мотивация берүү жана спорттук духту кармап туруу үчүн уюштуруучулар мелдеш өткөрүшүп, ал үчүн катышуучуларды бир нече топко бөлүшкөн. Эң көп таштанды чогулткан командага «Эко Деми» коомдук фондунун атынан дипломдор менен катар эле рюкзак, термос жана фирмалык толстовкалар өңдүү буюм-тайымдар белек катары тапшырылды. Мындан сырткары, командалар «Артефакт» номинациясы боюнча атайын белектер менен дагы сыйланышты.

Ишембиликке катышып, жаратылышыбызды сактоого салым кошушкан бардык катышуучуларга ыраазычылык билдиребиз. Ошондой эле бул мына ушундай иш-чараны уюштуруп берген «Эко Деми» коомдук фондуна терең ыраазычылык билдире кетмекчибиз. Бул иш-чарада «Керемет Банк» кызматкерлери тарабынан бардыгы болуп 1,5 тонна таштанды чогултулгандыгын белгилей кетүү абзел.


close