Жаңылыктар

«Керемет Банк» ААК кызматкерлери «Мозгобойня-QUIZ - 2024» интелектуалдык оюнунда байгелүү орунга ээ болушту.

14 бугу 2024

«Банк кызматкерлеринин күнүнө»  жана «Улуттук валюта күнүнө» карата «МПЦ» ЖАК  «Мозгобойня-QUIZ - 2024» аталышында интеллектуалдык оюн уюштурган. Аталган оюндун жыйынтыгында «Керемет Банк» командасы 3-орунду ээлеген. Оюнга бардыгы болуп 17 команда катышкандыгын белгилей кетүү абзел.

Убакыттын пайдалуу өтүүсү, оюндун жогорку деңгээлде өтүшү жана эң башкысы достук маанай үчүн МПЦга терең ыраазычлык билдиребиз. Бир караган кишиге бул болгону интеллектуалдык оюн болгону менен катышуучуларга канчалаган эмоция, жарык маанай тартуулагандыгы айтпаса да белгилүү!

«Аталган оюндан улам жаңы адамдар менен таанышып, тажрыйба алмашуу үчүн сонун аянтча пайда болду, мисалы биз эми таанышуу жана тажрыйба алмашуу үчүн бейформал жагдайларда жолугуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болдук», — деди Төлөм сервистери башкармалыгынын Эмиссия бөлүмүнүн начальниги Советова Мунира өз таасири менен бөлүшүп жатып.

Биз өз активисттерибизди  чын жүрөктөн куттуктайбыз жана келечекте чоң ийгиликтерди жаратуусуна тилектешпиз!

 


close