Жаңылыктар

«Керемет Банк» балдардын жолдо жүрүү коопсуздугуна кам көрөт

30 бугу 2024

«Керемет Банк» ачык акционердик коому Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (КР ИИМ ЖКККББ) менен биргеликте балдар үчүн акция өткөрдү.

Акция өткөрүү максатында «Керемет Банк» ААК караңгыда унаалардын фараларынан чыккан жарыкты чагылдыра турган брелокторду даярдашкан. Таң эрте же кечинде автоуналар, скутер, самокат ж.б. транспорттордун айдоочулары жөө жүргүнчүлөрдү алыстан көрүп, өз учурунда коопсуздук аракеттерин көрүү үчүн мындай брелоктор майда балдардын кийимдерине же сумкаларына тагылат.

Аталган брелоктор «Керемет Банк» ААК менен ЖКККББнын кызматкерлери тарабынан  Бишкек шаарындагы №24 жана 13 орто мектептин окуучуларына таратылгандыгын белгилей кетүү абзел.  Банк кызматкерлери менен бирге КР ИИМ ЖКККББынын Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн инспектору Адилет Абдрахманов да балдарга жолдон коопсуз өтүүнүн эрежелери тууралуу айтып берди. Банк ошондой эле интерактивдүү оюн-зоок уюштуруп, анын жүрүшүндө анимациялык «Щенячий Патруль» сериалынын каармандарынын образын жараткан аниматорлор көрүүчүлөр менен жол кыймылынын эрежелери боюнча өз ара баарлашты.

«Керемет Банк» жогоруда аталган социалдык акцияны улантып, келерки окуу жылынын башында дагы бир катар мектептерге жарык чагылдыруучу брелокторду таратат. Кошумчалай кетсек, мындай коопсуздук брелоктор «Керемет Банктын» жаш балдары бар кызматкерлерине дагы таратылды. 


close