Жаңылыктар

«Керемет Банк» − «MEGA&RSK Банк» кызматташтыгынын «Ишкер» GovFintech платформасынын биринчи катышуучусу

31 бугу 2024

«Ишкер» GovFintech платформасын өнүктүрүү максатын көздөгөн «MEGA&РСК Банк» алгачкы катышуучусун − «Керемет Банк» ААК мамлекеттик банкын кызматташтыкка чакырды. Бүгүн «Ишкер» платформасы менен банк тутумдарын интеграциялоо боюнча макулдашууга кол коюлду.

Мындай кадам жарандарга жана ишкерлерге «Керемет Банктын» кызматтарын «Ишкер24» аркылуу колдонуу мүмкүнчүлүгүн тартууласа, ал эми «Керемет Банктын» кардарларынын «Ишкер24» мобилдик колдонмосун пайдалануусуна өбөлгө түзөт. Башкача айтканда, мындай бизнес-үлгү жарандын кызыкчылыктарынын жана керектөөлөрүнүн негизинде калыптанган учурда, мындай биргелешип иш алып баруу мамлекеттик банк жана телеком секторлорунун парадигмасын кардар таламдуу багытка өзгөртөт.

Кызматташуу үчүн катышуучулардын санын көбөйтүү – бул GovFintech секторун кеңейтүүнүн жана өлкөдө санариптик трансформацияны тездетүүнүн жаңы раунду. Ошондой эле санариптик доордо туруктуу өнүгүү үчүн мамлекеттик компаниялардын ресурстарын жана потенциалын бириктирүү.

Эскерте кетсек, учурда ишкерлер менен биргеликте иштелип чыккан  «Ишкер24» бирдиктүү мобилдик колдонмосу кичи жана орто бизнес үчүн колдонуудагы  салык режимине өтүүнү жөнөкөйлөштүрүү, ошондой эле өз ара аракеттенүү процессин онлайн режиминде өткөрүү максатын көздөйт. 1-июлду – ишмердүүлүктүн айрым түрлөрүнө патенттерди жокко чыгарууну күтпөңүз, «Ишкер24»  мобилдик колдонмосун жүктөп алыңыз ( Android жана iOS).  Аталган колдонмо ишкердик менен жаңыдан алектене баштаган жана  жана  ишкердигин жүргүзүп жаткан жеке ишкерлер үчүн мыкты табылга болмокчу. Кеңири маалымат алуу үчүн,  www.ishker24.kg сайтын барактаңыз.


close