Жаңылыктар

«Керемет Банк» ААК «Открой сердце» ККФга кайрымдуулук жардам көрсөттү

3 кулжа 2024

Буга чейин «Керемет Банк» ААК Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнүн урматына «Открой сердце» Коомдук кайрымдуулук фондуна каржылык жардам көрсөтүп, инклюзивдик «БАРДЫГЫ БИЙЛЕЙТ» долбоору үчүн аялдардын улуттук кыргыз костюмдарын тигүү үчүн кеткен чыгымдардын жарымын жапкан.

Көрсөтүлгөн бул жардам үчүн Керемет Банкка өзгөчө ыраазычылык. Бул ден соолук  жаатында кайсы бир мүчүлүштүгү бар балдарды социалдаштырууга өтө чоң колдоо көрсөтөт жана коомдун, коомдук иш-чараларды уюштуруучуларынын, жергилүү өз  алдынча башкаруу органдары менен бирге мамлекеттин аларга карата көңүл бөлүүсүн жогорулатат.

«Мен биздин балдар жаңы көндүмдөргө ээ болуп, өздөрүн сахнада кармап жүрүүгө, өздөрү үчүн, өнөктөштөр, ошондой эле жалпы бий командасы үчүн жоопкерчиликтүү болууга үйрөнүшөт деп ойлойм» - дейт  бул тууралуу «Открой сердце» Коомдук кайрымдуулук фондунун директору Людмила Лобасенко.

«Открой сердце» Коомдук кайрымдуулук фонду балдардын церебралдык сенектиги (БСС), Дауна синдрому, аутистикалык спектрдин бузулушу, кереңдик жана башка оорулар менен жабыркашкан балдарга активдүү жардам берет, социалдашуусуна мүмкүнчүлүк түзөт.  


close