Жаңылыктар

Урматтуу кардарлар, алдамчылыктын жаңы ыкмаларынан сактаныңыздар

11 кулжа 2024

«Керемет Банк» ААК заманбап технологияларды пайдалануу менен алдамчылык фактылары көбөйүп жатканын билдирет. Санариптик индустриянын өнүгүшү финансылык-кредиттик уюмдарга кардарларды тейлөөгө ыңгайлуу жана сапаттуу шарттрады түзөт, бирок, ошол эле учурда кылмышкерлердин курмандыгы болуп калуунун жаңы тобокелдиктерин да жаралууда.

Биздин өтүнүч сунуштообуз: 

  • Белгисиз адамдардан келген белгисиз шилтемелерге өтүп БАСБАҢЫЗ.
  • Жеке маалыматтарды, картаңыздын номерин, ПИН-кодуңузду, СМС аркылуу келген ырастоо коддорун үчүнчү жактарга БЕРБЕҢИЗ.
  • Мессенджерлерге белгисиз номерлерден келген видео чалууларга ЖООП БЕРБЕҢИЗ.

Алдамчылар көбүн эсе өздөрүн банк кызматкери катары тааныштырат. Ушуга байланыштуу банк кызматкерлери эч качан төмөнкүлөрдү талап кылбаарын эстен чыгарбашыңыз керек:

  • Телефонуңузга билдирүү иретинде келген кодду;
  • картанын толук номерин;
  • CVV/CVC кодун (Картанын артындагы 3 цифрадан турган код).

Маалыматты текшерүү жана тактоо үчүн «Керемет Банк» ААКнын атайын Байланыш борборунун расмий телефондоруна гана чалып, тактоо керек. 0 (312) 55 44 44, 0 (703) 55 44 44, 0 (997) 55 44 44, 0 (227) 55 44 44 же WhatsApp номери 0 (557) 55 44 44 аркылуу.


close