Жаңылыктар

Сергек жашоо каржылык туруктуулуктун ачкычы

18 кулжа 2024

Бишкекте жыл сайын өтүүчү түнкү KFC Night Run — 2024 жарым марафону уюштурулду. Ага «Керемет Банк» кызматкерлери да катышты.

Ийгиликтүү финансылык башкаруу туруктуулуктун жана бакубаттуулуктун ачкычы болуп саналат. Демек, дайыма чуркоо сергек жашоонун башаты.

Биз түрдүү коомдук иш-чараларга катышуу менен максатка жетүү жөндөмдүүлүгүбүздү жогорулатабыз. Андыктан биздин банк коомго дем күч берген ар бир саамалыкка катышат жана колдойт.

Ошондой эле Туруктуу өнүктүрүү жана андеррайтинг бөлүмүнүн башкы адиси Жапарова Чынара Асанакуновнаны KFC Night Run - 2024 түнкү жарым марафонунда 10 чакырымга чуркоодо 2-орун алыш менен куттуктайбыз.

«Керемет Банк» – ийгиликке сапарлаш!
    


close