«Керемет Банк» ААК кардарларды Чолпон-Ата шаарындагы жаңы филиалына чакырат
Урматтуу кардарлар!
Кубануу менен кабарлайбыз, жайкы туристик мезгилдин алдында жергиликтүү тургундарга жана эс алуучуларга ыңгайлуу болушу үчүн “Керемет Банк” ААК Чолпон-Ата шаарында филиалын ачты. Эми кардарларга сапаттуу кызмат көрсөтүү менен бирге кызматтардын көптөгөн түрү жеткиликтүү.
Филиалдын дареги: Чолпон-Ата ш., Совет көчөсү, 24.
Филиалдын иштөө тартиби:
Дүйшөмбү – жума 8:30дан 17:00го чейин.
Түштөнүү мөөнөтү 12:00дон 13:00го чейин.
Ишемби, жекшемби – дем алыш күндөр.
Жаралган суроолорго жооп алуу үчүн төмөнкү телефондор аркылуу «Керемет Банк» ААКнын күнү-түнү иштөөчү контакт-борборуна чалыңыз: 0 (312) 55 44 44, 0 (703) 55 44 44, 0 (997) 55 44 44, 0 (227) 55 44 44 же 0 (996 557) 55 44 44 WhatsApp номуру аркылуу байланышууга болот.