Жаңылыктар

«Керемет Банк» ААКнын филиалдык тармагы кеңейип жаткандыгын кубануу менен билдиребиз!

10 кулжа 2024

Урматтуу кардарлар!

«Керемет Банк» ААКнын филиалдык тармагы кеңейип жаткандыгын кубануу менен билдиребиз. «Керемет Банк» кардарларына ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында Баткен шаарында жаңы филиалын ачып жатабыз. Жаңы филиалдын ыңгайлуу жайгашуусу бардык банктык маселелерди тез арада чечүүгө – эсеп ачууга, насыяга кайрылууга, картаны алууга жана Баткен шаарынын тургундары үчүн башка финансылык кызматтарга жардам берет.

Сиздерди төмөнкү дарек боюнча жайгашкан биздин филиалда кутобуз:

Баткен шаары, Нургазиев көч, 26 (Борбордук базардын аймагы)

Филиалдын иш графиги:

Саат 8.30-16.00 чейин, тыныгуу 12.00-13.00,  ишембижекшемби дем алыш күндөр.

Көңүл бурганыңыздар үчүн чооң рахмат!

Жаралган суроолорго жооп алуу үчүн төмөнкү телефондор аркылуу «Керемет Банк» ААКнын күнү-түнү иштөөчү контакт-борборуна чалыңыз: 0 (312) 55 44 44, 0 (703) 55 44 44, 0 (997) 55 44 44, 0 (227) 55 44 44  же  0 (996 557) 55 44 44 WhatsApp номуру аркылуу байланышууга болот.

 


close